Байден жана Харрис Зеленский менен 26-сентябрда жолугат

Украинанын президенти Владимир Зеленский (солдо) жана АКШнын президенти Жо Байден 2024-жылдын 11-июлунда өткөн НАТОнун 75 жылдык мааракесинин чегинде эки тараптуу жолугушууга катышкан.

АКШнын президенти Жо Байден 26-сентябрда Вашингтондо Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушат. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле АКШнын вице-президенти жана демократтардан президенттикке талапкер Камала Харрис да Зеленский менен өзүнчө жолугушуу өткөрөт. Лидерлер Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун абалын, анын ичинде Украинанын стратегиялык пландарын жана АКШнын Украинаны коргоодогу колдоосун талкуулашат. Ак үйдүн билдирүүсүндө президент жана вице-президент Украинаны согушта жеңишке жеткенге чейин колдоп, бекем милдеттенме алаарын баса белгилешти.

Зеленскийдин басма сөз кызматына таянсак, украин президенти АКШга сапар учурунда президенттикке республикачылардан талапкер Дональд Трамп менен да жолугат.

"Владимир Зеленский АКШ президенти Жо Байден менен жолугуп, ага жеңиш планын сунуштайт. Украинанын мамлекет башчысы бул пландын деталдарын талкуулап, АКШнын Украинанын эркиндик үчүн күрөшүнө колдоосун алууну көздөйт", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Мындан тышкары, Украина президенти БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында да сүйлөйт. Буга чейин Зеленский украиналык "жеңиш планы" толугу менен даяр экенин, эми негизгиси аны ишке ашырууга чечкиндүүлүк керектигин билдирген.