Европарламент Эдмундо Гонсалести Венесуэланын президенти катары тааныды

Эдмундо Гонсалес.

Европарламент оппозиция лидери Эдмундо Гонсалести Венесуэланын мыйзамдуу президенти деп тааныды. 19-сентябрда кабыл алынган резолюцияга 309 депутат макул , 201и каршы добуш берди. 12 парламентарий добуш берүүдөн карманышкан. Бул тууралуу эл аралык француз радиосу (RFI) кабарлады.

Расмий маалыматтарга ылайык, Венесуэлада 28-июлда өткөн президенттик шайлоодо азыркы президент Николас Мадуро жеңген. Ал Гонсалестен дээрлик 8% көп добуш алган. Оппозиция шайлоо бекеттеринин 78% протоколдорун алышканын, анда Гонсалес Мадурону эки эсе көп добуш менен утканы айкын экенин айтып чыгышкан.

Гонсалес сентябрдын башында өлкөдөн чыгып кеткен. Бул кадамга өлкө бийлиги аны камоо тууралуу ордер чыгаргандан кийин барды. Гонсалес бир нече күн Испаниянын Каракастагы элчилигинде болуп, Мадридден саясий башпаанек сураган.

"Евроньюс" телеканалы Европанын бир дагы өлкөсү Гонсалести президент катары расмий тааныбаганын белгилөөдө. Бирок европалык дипломаттар Мадуронун жеңишин “ишенимсиз” деп атаган.

Европарламентте Гонсалести президент катары таанууну биринчи кезекте ашынган оңчулдар, оңчулдар жана борборчул депутаттардын топтору жактап чыгышты. Жаңы чакырылышта алар биринчи жолу мындай бирдиктүү аракетти көрсөтүштү, деп белгилейт "Евроньюс". Ошол эле учурда европалык солчул депутаттар мындай кадамды негизсиз деп эсептеп, ага каршы чыгышкан.

Европарламент жактырган резолюцияда, Николас Мадурону "адамзатка каршы кылмыштар" жана "адам укуктарын одоно бузгандыгы үчүн" камакка алуу үчүн эл аралык ордер берүүнү талап кылат.

Президент Николас Мадурого баш ийген Шайлоо комиссиясы азыркы мамлекет башчы добуштардын 51,2%, ал эми Гонсалес 44,2% алганын жарыялаган.

Мадуронун жеңишине каршы өлкөдө жапырт башаламандыктар тутанып, шайлоонун жыйынтыгына нааразы миңдеген адам баш калаа Каракастын борборуна чыгышкан.

АКШ баш болгон бир катар мамлекеттер добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес.

Дагы караңыз

АКШ Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы ортомчуларга санкция салдыАрстанбапта мигрант 180 окуучуга ылайыкташкан мектеп куруп бердиЛивандагы жардыруудан каза болгондордун саны 37ге жетти19-сентябрь: БУУнун Израилге койгон талабы, Москвадагы мигранттардын мектеп көйгөйү