АКШ Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы ортомчуларга санкция салды

АКШ Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы төлөм операцияларын жеңилдеткен беш юридикалык жакка жана бир жеке адамга санкцияларды киргизди. Бул тууралуу бейшембиде АКШнын Каржы министрлиги билдирди. Министрликтин пресс-релизинде айтылгандай, Москва менен Пхеньяндын ортосундагы ортомчулар Орусияда жана Грузия бийлиги көзөмөлдөбөгөн, өзүн Түштүк Осетия деп атап алган аймактарда жайгашкан.

Вашингтон мыйзамсыз соодалашуунун катышуучуларын "Орусия менен Түндүк Кореянын ортосунда төлөм механизмдерин уюштуруу аракетин колдогон" деп айыптоодо.

АКШнын Каржы министрлиги билдиргендей, Түндүк Корея менен Орусияда санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү аракеттерине катышкандар жоопко тартылды.

АКШ жана анын өнөктөштөрү Түндүк Кореяны Орусияга курал-жарак, анын ичинен Украинага каршы колдонула турган баллистикалык ракеталарды берип, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын бузуп жатат деп айыпташкан.

Орусиянын президенти Владимир Путин июнда Пхеньянга барып, бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тарап стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол койгон. Мунун менен үчүнчү өлкө кол салган учурда көмөк көрсөтүү каралган.

АКШ буга чейин Түндүк Кореянын ракеталык программасына көмөк көрсөткөн бир топ уюмду санкцияга киргизген.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы биринчи санкцияларды 2006-жылы ал өлкө өзөктүк куралды сынагандан кийин кабыл алган.

Дагы караңыз

Арстанбапта мигрант 180 окуучуга ылайыкташкан мектеп куруп бердиЛивандагы жардыруудан каза болгондордун саны 37ге жетти19-сентябрь: БУУнун Израилге койгон талабы, Москвадагы мигранттардын мектеп көйгөйүФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 4 тепкич артка кетип, 106-орунду ээледи