Абактагы Карабаев кат жазып, коркутууга кабылганын айтты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тергөө абагында жаткан Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев атайын кызматтын кысымына кабылып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды. 27 жаштагы Карабаев “массалык башаламандык” беренесине айыпталып, үч айдан бери камакта жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кайрылуу боюнча комментарий бере элек.