Арменияда "куралдуу төңкөрүш" даярдоого шектелген үч киши кармалды

Армениянын борбору Ереван шаары.

Арменияда куралдуу төңкөрүш даярдоого шектелген үч киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн 18-сентябрда өлкөнүн Тергөө комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кармалгандар Орусияда атайын даярдыктан өтүшкөн, алардын тышкары дагы төрт кишиге издөө жарыяланды.

Билдирүүдө шектүүлөрдүн бешөө Армениянын жараны, экөө Тоолуу Карабак аймагынын мурдагы тургундары экени айтылды, бирок аты-жөнү жарыяланган жок.

Армян бийлиги аларды жергиликтүү бир нече тургунду жана Тоолуу Карабакта жашаган айрым адамдарды азгырып, Орусияга алып барып, армян өкмөтүн кулатуу максатында атайын аскердик даярдыктан өткөргөн деп айыптоодо.

Азербайжан былтыр сентябрда Армения менен талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Чек араны тактоо тууралуу сүйлөшүүлөр уланууда.

Армян өкмөтүнүн башчысы Никол Пашинян Армения Орусия үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) каржылык төлөмдөргө катышпай турганын, бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтотконун жарыялаган жана өлкөнүн Европа Биримдигине кирүү ыктымалдыгы тууралуу айткан.

Ошондой эле ал Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Бирикмеде үстөмдүк кылган Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган.

Быйыл жазында Арменияда оппозиция лидери болуп турган, армян апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясын жетектеген Баграт Галстанян өкмөткө каршы бир топ акция өткөргөн. Коюлуп жаткан негизги талап – премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасы болгон. Оппозиция аны Азербайжан менен чек арадагы талаштуу төрт айылды азери тарапка эч кандай кепилдик албастан өткөрүп берип койгонун айткан. Пашинян чек ара чечим мыйзамдуу болгонун билдирген. (RK)

Дагы караңыз

УКМК айрым микрокредиттик компаниялар текшерилип жатканын билдирдиЛиван: «Хезболланы» бутага алган пейжер чабуулу Президент “Коопсуз шаар” долбоорун ИИМге өткөрүп бердиТажик муфтийине мечитте бычак шилтеген адам кармалды