Ливанда пейжерлер жарылып, кеминде 8 өмүр кыйылды, миңдеген киши жараат алды

Бейруттагы оорукана. 2024-жылдын 17-сентябры.

Ливанда бүгүн 17-сентябрда бир учурда пейжерлердин жарылуусунан кеминде сегиз киши каза болуп, 2750 киши жараат алганын өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фирасс Абиад билдирди.

Андан бир аз мурдараак Иран колдогон ливандык «Хезболла» жоочулар тобу эки мүчөсү жана бир кыз «табышмактуу» жарылуудан каза тапканын, мүчөлөрү колдонуп жүргөн бер нече пейжер бир учурда жарылганын билдирген.

Министр Абиаддын айтымында, жараат алгандардын арасынан 200дөй кишинин абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат.

Ливандын мамлекеттик маалымат агенттиги жарылуу «Хезболланын» таянычы болгон борбор калаа Бейруттун түштүк райондорунда жана өлкөнүн башка да бир нече аймагында катталганын маалымдады.

Айрым ирандык басылмалар жараат алгандардын катарында Ирандын Ливандагы элчиси Можтаба Амани да бар экенин жазышты.

Жарылган пейжерлерди, Reuters агенттиги белгилегендей, «Хезболла» соңку айда импорттоп алып барган, баары жаңы моделдеги байланыш каражаты болчу.

«Хезболланын» өкүлдөрү бул окуяны Израилге каршы соңку дээрлик бир жылдан бери жүрүп жаткан согуштагы «коопсуздук системасына жасалган эң ири кийлигишүү» деп аташты.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка жана түндүк тилкесиндеги Ливан менен чек арасында ХАМАСтын союздашы «Хезболлага» каршы согушун улантууда.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталган 11 айдан бери сектордо каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты. (RK)

Дагы караңыз

Бишкек немис инвесторлоруна, Берлин кыргызстандык адистерге кызыгат Өкмөт 17 айыл-аймактын аталышын өзгөртүүнү сунуштадыГрузия парламенти ЛГБТга каршы мыйзам кабыл алды17-сентябрь: Орусия армиядагы аскерлерин көбөйтөт, Германия кыргызстандык адистерге кызыгат