17-сентябрь: Орусия армиядагы аскерлерин көбөйтөт, Германия кыргызстандык адистерге кызыгат

Cанкт-Петербургда күзөттө турган орус армиясынын жоокери, 27-январь, 2024

17-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

«Борбор Азия–Германия» саммити жыйынтыкталды

Астана шаарында кезектеги «Борбор Азия–Германия» саммити өттү. Жыйынтыгында биргелешкен декларация кабыл алынды. Жыйынга немис канцлери Олаф Шольц жана Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев катышты. Cаммитте соода, инвестиция, энергетика, экология, транспорт жана логистика, билим берүү жана илим, экология тармактарындагы кызматташтык талкууланды. Эл аралык коопсуздук жана туруктуулук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. "Борбор Азия - Германия" саммити алгач 2023-жылы сентябрда Берлинде өткөн.

Канцлер Шольц немис ишканалары кыргызстандык адистерге кызыгарын билдирди

17-сентябрда Астанада Германиянын канцлери Олаф Шольц Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугукканда немис ишканаларын абдан кызыктырган кыргызстандык мигранттардын маселесине токтолду. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясы маалымат таратты. Эки тарап саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелерин талкуулашты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Европа Биримдигиндеги биздин маанилүү өнөктөшү - Германия менен достук мамилени жогору баалаарын белгилеп, кыргыз-герман кызматташтыгы өнүгүп жатканына канааттануусун билдирди. Шольц менен Жапаровдун жолугушуусунда талкууланган маселелер тууралуу Берлин расмий маалымат тарата элек.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун жыйыны өттү

Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусунда тараптар калган тилкелер боюнча сунуштары менен алмашты. Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтмөй болду. 5-августта Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандары өткөн эки-үч транзиттик тилке боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан. Министр кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки-үч айда жыйынтык болорун белгилеген.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолукканда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын жарыялашкан.

PISA сынагына 3 миңден ашуун окуучу даярдалып жатат

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда PISA сынагына даярдануу башталганын билдирди. 2025-жылы Кыргызстандын 15 жаштагы окуучулары билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча эл аралык сынактык негизги этабына катышат. PISA изилдөөсүнө катышуу окуучулардын билим деңгээлин жана көндүмдөрүн башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырууга мүмкүндүк берет. Өткөн айда аталган министрлик сынакка даярдык көрүү үчүн 80 мугалим Сингапурдун Celebry платформасын колдонууну үйрөнө турганын билдирген. PISA (Programme for International Student Assessment) – мектеп окуучуларынын окуудагы жетишкендиктерин баалоочу эл аралык программа.

Украина беш облусу Орусиянын дрон чабуулуна кабылганын билдирди

17-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагына согуштук дрондордон 51ди учурганын, анын 34үн атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн украин Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү маалымдады. Бир нече аймакта дагы 12 жанкечти дрондун локациясы аныкталбай калганы, жабыркагандар тууралуу маалымат түшпөгөнү, эки дрон кайра Орусиянын аймагына кайтканы кабарланды. Абадан коргонуу системасы түнкүсүн жалпысынан беш облуста – Николаев, Херсон, Сумы, Полтава жана Харьков аймактарында иштеди. Украин президенти Владимир Зеленский 16-сентябрдын кечиндеги видеокайрылуусунда фронтто айыгышкан кармаш Курахово жана Покровск багыттарында уланып жатканын, Орусиянын Курск облусундагы операция планга ылайык жүргүзүлүп келатканын айтты.

Путин армиянын штаттык санын көбөйтүү жарлыгына кол койду

Орусия Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн аскерлердин санын дагы көбөйтүүдө. Жаңы документ армиянын штаттык санын 2 миллион 389 миң адамга, анын ичинде аскер кызматкерлеринин санын 1,5 миллионго жеткирүүнү көздөйт. Тиешелүү жарлыкка Орусиянын президенти Владимир Путин кол койду. Путин былтыр 1-декабрда Орусиянын армиясында штаттык кызматкерлердин санын 2,2 миллонго, аскер кызматкерлердин санын 1,3 млн кишиге көбөйтүүнү караган жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Орусия басып кирген аймактарда штаттагылардын 45% жүрөт. 2022-жылы августта жарым-жартылай мобилизация жарыяланган учурда армиянын штаттык саны 137 миңге көбөйгөн.

"Талибан" Ооганстанда шал оорусуна каршы эмдөөгө тоскоолдук жоктугун айтты

Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Шарафат Заман 17-сентябрдагы билдирүүсүндө эмдөөгө каршы кабарларды жалган деп атады жана өнөктүктү токтотуу же башка убакытка калтыруу тууралуу эч кандай расмий буйрук же план болбогонун айтты. Бир күн мурда AP агенттиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жогорку кызматтагы өкүлдөрүнүн бирине таянып, талибдер Ооганстанда эмдөөнү үймө-үй кыдырып эмес, мечиттерде гана жүргүзүү маселесин талкуулап жатышканын кабарлаган. Ооганстанда бийлик 2021-жылы талибдердин колуна тийгенден кийин гуманитардык көйгөйлөр жаралышы ыктымал экенин эл аралык байкоочулар бир нече жолу эскертишкен.

Meta компаниясы RT жана "Россия сегодня" бөгөттөлгөнүн билдирди

Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрү менен WhatsApp мессенжерине ээлик кылган Meta компаниясы "Россия сегодня" медиа тобуна бөгөт койгонун жарыялады. 13-сентябрда АКШ бийлиги "Россия сегодня" жана RT медиаларын орусиялык атайын кызматтарга иштейт деп айыптаган, аларга каршы санкция жарыялап, эл аралык дипломатия деңгээлинде да иш жүргүзүлөрүн убада кылган. "Россия сегодня", RT телеканалы – Кремлдин үгүттөөчүлөрү гана эмес, алар орус чалгындоосунун жашыруун операцияларынын катышуучулары", – деген Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Орусиялык медиа каражаттарынын жетекчилиги мындай айыптоолордун баарын четке кагууда.