«Борбор Азия–Германия» саммити жыйынтыкталды

Саммит Астанада өттү.

Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн 17-сентябрда кезектеги «Борбор Азия–Германия» саммити өттү. Жыйынга немис канцлери Олаф Шольц жана Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев катышты.

Казак президенти Токаев белгилегендей, саммитте соода, инвестиция, энергетика, экология, транспорт жана логистика, билим берүү жана илим, экология тармактарындагы кызматташтык талкууланды. Эл аралык коопсуздук жана туруктуулук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жыйынтыгында биргелешкен декларация кабыл алынды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө Борбор Азия аймагы Германия үчүн да бирдиктүү экономикалык мейкиндик катары инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө мүмкүндүк берет деген ишеничин билдирди. Ошондой эле ал Германия менен бирге Бишкек шаарында Энергияны натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча регионалдык борбор түзүүнү сунуштады.

"Борбор Азия–Германия" саммити алгач 2023-жылы сентябрда Берлинде өткөн. (RK)

Дагы караңыз

Кайгуул милициясынын эки инспектору пара талап кылууга шек саналып кармалдыКыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекетинин иш тартибин өзгөртүү сунушталдыБорбор Азия - Германия: Мунай, миграция, жашыл энергетикаПикир үчүн доого жыккан долбоорду депутаттар сындады