Жер ресурстары агенттиги "кызыл китепти" жоюуну көздөп жатканын билдирди

Бишкектеги жаңы конуштардын бири

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жер ээлигин таанытуучу "кызыл", "жашыл" китептерди жок кылууну көздөп жатат. Бул тууралуу аталган агенттиктин жетекчиси Асылбек Сатвалдиев 17-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында билдирди.

Ал жер ээлигин таанытуучу мындай китептерди жасалмалоо көбөйүп кеткенин белгилеп, анын ордуна кадастр планын киргизүү зарылчылыгын белгиледи. Муну менен жер сатууга байланышкан коррупцияны жоюуга мүмкүн болорун айтты.

"Кадастр планы - өзүнүн QR кодуна бекитилген документ. Бул кодго жер тилкеси тууралуу толук маалымат камтылат. Жер тилкенин аянты, тиби, категориясы, ээси, менчиктин түрү - баары ошол коддун ичине камтылат. Кадастр планы - жердин бүт конфигурациясы. Биз "кызыл, жашыл китептердин" ордуна ушул документти киргизүүнү көздөп жатабыз", - деди Сатвалдиев.

Аталган комитет 17-сентябрда Жер кодексинин долбоору жана “Жер кодексин колдонууга киргизүү жана айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.

Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик былтыр, 25-декабрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн. Агенттикке жер мунапысын жүргүзүү боюнча маселелерди чечүү тапшырылган. (ZKo)

Дагы караңыз

Кайгуул милициясынын эки инспектору пара талап кылууга шек саналып кармалдыКыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекетинин иш тартибин өзгөртүү сунушталдыБорбор Азия - Германия: Мунай, миграция, жашыл энергетикаПикир үчүн доого жыккан долбоорду депутаттар сындадыЖети-Өгүз: Зордукталганы айтылган тогуз жашар кыздын иши