Кайгуул милициясынын эки инспектору пара талап кылууга шек саналып кармалды

Иллюстрация

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору пара алууга шек саналып кармалганын 17-сентябрда билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, "эки инспектор машинаны айып токтотмого киргизүү аркылуу акча табуу максатында жарандан 27 миң сом пара талап кылышкан. Ошондой эле баасы 13 миң долларлык автоунаасын убактылуу пайдалануу үчүн мыйзамсыз алып коюшкан".

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 16-сентябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматынын катышуусунда инспекторлордун иш бөлмөлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында алардын "мыйзамсыз иш-аракеттерин тастыктаган буюмдар табылган".

Кармалган инспекторлор УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызмат Бишкек ШИИБинин Кайгуул милиция башкармалыгындагы коррупцияга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланып жатканын кошумчалады.

ИИМ жана шек саналып кармалгандардын адвокаттары, жакындары комментарий бере элек. (ZKo)

Дагы караңыз

Борбор Азия - Германия: Мунай, миграция, жашыл энергетикаКыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекетинин иш тартибин өзгөртүү сунушталдыПикир үчүн доого жыккан долбоорду депутаттар сындадыЖети-Өгүз: Зордукталганы айтылган тогуз жашар кыздын иши Интерактивдүү карта: Курск аймагында эмне болуп жатат?