Росстат: Орусияда отурукташып калган мигранттардын көбү - тажик жарандары

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияга иштегени барып, ошол жакта жашап калган эмгек мигранттарынын эң көбү - Тажикстандын жарандары. Бул тууралуу 17-сентябрда «Азаттыктын» тажик кызматы Росстаттын маалыматына таянып жазды.

Орусияга көчүп барып жашап калган мигранттар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо алардын 31% Тажикстандын жарандары экенин көрсөткөн. Кийинки орунда Кыргызстандын жарандары турат (10%), Украина, Армения жана Казакстан үчүнчү орунда (ар бири 9%).

Орусияда отурукташып калган мигранттардын көбү эмгекке жарамдуу курактагы (76%), үй-бүлөлүү (51,4%), толук орто билимдүү (39,4%) эркек кишилер (55%).

Росстат бул сурамжылоосун орто статистикалык мигранттын социалдык-демографиялык портретин түзүү максатында уюштурган.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2023-жылдын январь-октябрь айларында орус жарандыгын 318 миң чет өлкөлүк алган, алардын эң көбү Тажикстан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Азербайжан өлкөлөрүнөн баргандар.

Орус жарандыгын алган тажикстандыктардын саны көбөйгөнү 2020-жылдан бери байкалууда. 2020-жылы 63 миң болсо, 2021-жылы 103 миң, 2022-жылы 173 миң адам болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болгон. (RK)

Дагы караңыз

Жети-Өгүз: Зордукталганы айтылган тогуз жашар кыздын иши Пикир үчүн доого жыккан долбоорду депутаттар сындадыИнтерактивдүү карта: Курск аймагында эмне болуп жатат?Meta компаниясы RT жана "Россия сегодня" бөгөттөлгөнүн билдирди