Ош: "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирди, жол белгилери жетишсиз

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош шаарында 16-сентябрда  “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирди. 60 жерге камера орнотулуп, жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып, айып пулдар салынат. Долбоор дээрлик эки айдан ашык пилоттук режимде  иштеп келген. Аны орусиялык “Мегафон” компаниясы  ишке ашырууда.

Айрым айдоочулар шаарда буга ылайык инфраструктура жок экенин айтса, видео байкоолор жол кырсыктарын азайтат дегендер да бар.