Украинанын аба соккусунан Белгород шаарында сегиз тургун жаракат алды

Белгород.

16-сентябрда таң эрте Орусиянын Белгород шаарында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аткылоосунан сегиз жергиликтүү тургун жабыркады, алардын бири өтө оор абалда. Бул тууралуу Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков маалымдады.

Анын айтымында, аткылоодон бир жеке үй жана 15 автоунаа өрттөнгөн. Ошондой эле газ түтүгү жабыркагандыгы кабарланууда. Жергиликтүү телеграм каналдар соккудан кийинки окуялардын видеолорун жарыялашты.

Белгород облусунда бир сутка ичинде ондон ашык калктуу конуштар аткылоого жана дрондордун соккуларына дуушар болгон. Козинка айылында беш жеке үй өрттөнсө, Разумное кыштагында жергиликтүү тургун жарылуудан улам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Москванын Украинага кеңири масштабдуу кол салуусунан кийин Орусиянын аймактары да маал-маалы менен аткылоого жана дрондордун чабуулуна дуушар болууда. Орусиянын Коргоо министрлиги Украина чабуулдарынын "мизи майтарылып", ракеталар жана дрондор жок кылынганы тууралуу маалымат берип келет. Көпчүлүк учурларда Киев бул билдирүүлөргө комментарий бербейт.

Ал эми Украинанын куралдуу күчтөрү 16-сентябрга караган түнү Орусия тарабынан учурулган 53 дрондун жок кылынганын билдирди. Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Киев, Винница, Полтава, Сумы, Запорожье, Кировоград, Николаев, Днепропетровск жана Черкассы облустарында 53 дрон жок кылынган.

"Дагы үч душман дрону бир нече аймакта жок болуп кеткен, алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок", – деп билдиришти аскерлер.

Буга чейин Киев шаардык аскердик администрациясы 16-сентябрга караган түнү Киевге Орусиянын куралдуу күчтөрү массалык сокку урганын билдирген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Киевде жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Ал эми 15-сентябрда Украинанын Харьков шаарында көп кабаттуу үйгө жасалган аба соккусунан бир киши набыт болуп, 40тан ашуун киши жаракат алганын, анын төртөө балдар экенин шаар мэриясы билдирген.

Орусия күчтөрү үзгүлтүксүз түрдө сокку уруучу дрондор, ракеталар, КАБ жана РСЗО менен Украинанын аймактарына чабуул жасап жатат.

Орусиянын жетекчилиги кеңири масштабдуу согуш учурунда Орусия армиясы Украина шаарлары менен айылдарындагы жарандык инфраструктураларга атайылап сокку уруп, жайкын тургундарды өлтүрүп, оорукана, мектеп, балдар бакчалары, энергетикалык жана суу камсыздоо объектилерин талкалап жатканын четке кагууда.

Украинанын бийликтери жана эл аралык уюмдар бул чабуулдарды Орусиянын аскердик кылмыштары катары квалификациялап, алар атайылап жасалганын баса белгилеп келишет.