"Кызымды кыйнап өлтүргөн". Бычакталып, сабалган кыз-келиндер

Кыргызстандагы фемицид

Ушул күндөрү Кыргызстанда киши колдуу болгон үч келиндин өлүмүнө байланыштуу иш сотто каралууда. Үчөө тең күйөөсү же жарандык никеде жашаган адамдын колунан мыкаачылык менен ажал тапкан.  

Мындан сырткары өз жанын кыйды деген келиндердин иштери да тергелип жатат. Маркумдардын жакындары алар зомбулуктун курмандыгы болгонун, денесинде көк ала тактар бар экенин айтып келишет.

Соңку 2,5 жылда Кыргызстанда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен ажал тапты. 2010-жылдан бери 1100дөн ашуун аял каза болсо, анын үчтөн бири фемицид курмандыктары.

Бишкектин четиндеги конуштардын биринде күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Рахима Айкымбаева болгону 34 жашта эле. Ал ушул жылдын апрель айында өзү жашаган үйүндө, 27 жеринен бычак жеп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Рахима Айкымбаева. Жеке архивден алынган сүрөт.

Маркумдун жакындары Рахима буга чейин деле далай жолу күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн, мунун айынан ал ажырашууга бел байлаганын айтып беришти. Соңку үч айда чогуу жашабай калышкан экен.

Рахиманын апасы Салкынай Курманова каргаша тооруган күнү күйөө баласы кечирим сурап келгенин, туугандары жубайларды жараштырганын көз жашын төгө айтып отурду. Орозо айына туш келген ошол эле түнү Рахима үч жашар кызынын көз алдында бычакталып, каза болгон.

Маркум Рахима Айкымбаеванын апасы Салкынай Курманова.

“Эгер кызым ооруп же бир кырсыктан каза болсо, дагы мынчалык кыйналбайт белем. Ушунчалык кыйнап өлтүргөнүн эстегенде, жүрөгүм эзилип келет. Кээ бир күндөрү таң атканча уктабай чыгам. Сот болот дегенде эле жүрөгүм уйгу-туйгу, бир жерге отура албайм. Эне баласынан ажыраган өтө оор экен. Кой эми бул дагы бирөөнүн баласы, сен деле жашсың, күйөөсү жок дегенче бары дагы жакшы деп баланын сөзүн сүйлөптүрмүн. Алдын ала эмне болорун билбейт экенбиз да. Азыр ойлонуп алып абдан өкүнөм. Күйөөсү жок жашай берсе мындай ишке туш болот беле, жокпу?” - дейт Салкынай Курманова.

Рахима алты бир туугандын ортончусу эле. Жакындары анын боорукер, күйүмдүү, колу ачык болгонун кайра-кайра эскерип, жоктоп жатышты. Үйдө аны "Умай эне" деп аташчу экен.

“Балдардын ортосунда жакшылык болсо ыр жаза койгон таланты бар эле. Бир туугандар арасындагы аты “Умай эне” болчу. "Апа, балдарым чоңойду, буюрса эми окуйм" деп астыга койгон максаттары аябай чоң болчу. Абдан баласаак эле. Эч нерседен кем кылбай бакканга аркет кылды. "Чучугу толуп чоңойсун" деген сөзү бар болчу. Аябай боорукер, колунан келсе бардык адамдарга эле жардам бере бергиси келчү. Бир жолу үйүнө киргенде эки сыйра жууркан-төшөк тигип берсем, бир сыйрасын бирөөгө берип коюптур. Мен жаңы үйгө киргенде деп сага жасадым эле го десем, “мага деле убагында далай адамдар жардам берген, кыйналган бирөөгө бердим да” деп койгон. Аялдардын, балдардын укугун коргойм деп кыялданчу”, - деп оор үшкүрдү маркумдун апасы.

Рахима Айкымбаеваны жоктоо.

Учурда Рахиманын өлүмүнө байланыштуу иш сотто каралып жатат.

“Рахимам бир дагы жолу түшүмө кирбеди. Мен өзүм эле кызымды салып берип койдум, өзүмдү өзүм кечирбейм. Талагын берип, тиги үйүн сатканда алып берген машинасын кайтарып берип бүтүрүшкөн, жашабайм деп кеткен. Балдарымды ортого салып келгенде Рахима такыр болбой койгон. Анан Орозо учурунда келип, жалдырап, көзүнүн жашын көлдөй агызып ыйлап атса, "кызым, бир жолу мүмкүнчүлүк бер, кечирип койчу" дедим да. Өлтүрүп коёт деп ким ойлоптур. Ошондо кызым тим эле мага нааразы болуп, кабагын бүркөп, “эмнеге ушундайбыз, ак көңүл, боорукердигибизден табабыз, эмнеге эле ушинте бересиз?” деген эле. "Жашабайм" дегенинен мен урушуп койдум эле. Ошого түшүмө кирбейби деп ойлойм, өзүмдү-өзүм жеп келем”.

Рахиманын сиңдиси Айсулуу Айкымбаева бул иште күбө катары суралып, эжесинин каза болгондон кийинки сүрөттөрүн алгачкылардан болуп көргөн.

Маркум Рахима Айкымбаеванын сиңдиси Айсулуу.

“Мен эжемди кандай мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн делодон көрдүм. Маңдайкы эки тиши жок экен. Бул адамды эмне деп айтышты билбейм. Жырткычтан дагы жаман. Эжемди өзүм жуунтканда дагы көрдүм, денеси көк ала болчу. Мен сүрөттөрүн көрүп эмнеге мынчалык кылган деп түшүнө албай жатам, ошонун жообун уккум келет. Мыкаачынын өмүр бою эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартипте камалышын каалайм", - дейт Айсулуу.

Турмуштун бир топ сыноосун баштан кечирген Рахима өзү өңдүү зомбулукка кабылган, миграциядан кайтып келген жалгыз бой аялдарга кол сунуп, жардамын аячу эмес экен. Рахима уюштурган окууларга атын атабаган кошунасы дагы катышып калган:

“Биринчи көрүшкөндө эле эже-сиңдидей болуп калганбыз. Абдан берешен, жардам кылайын деп даяр турган кыз эле. Балдарды абдан жакшы көрчү. Балдардын, аялдардын укугун коргойм деп катуу аракет кылчу. Аялдардын укугун коргогон уюмдарды чакырып, үйдө отуруп калган аялдарга бир нерсе үйрөтөйүн, билимин жогорулатайын, үйдө болсо дагы иш баштасын дечү. Экөөнүн урушунун үстүнөн чыккан эмесмин, бирок көп эле ыйлап келчү. Үй-бүлөлүк маселе деп кирише дагы албайт экенсиң, ал алдап дагы, урушуп дагы жашап көрдү. Ушул жолкусунда катуу таарынып, кечире албады. Мен чарчап кеттим деп келчү эле, күйөөсү аркасынан калбады”.

Рахима – Кыргызстандагы фемициддин ачык курмандыгы. Анын кыялдары өзү менен кошо кетти. Артында үч баласы жетим калды, кичүүсү болгону үч гана жашта.

Рахима Айкымбаева. Жеке архивден сүрөт.

"Окубай калганына өкүнчү. Мен балдарымды окутам, эч нерседен кем кылбайм деп кыялданчу. Өзү журналистиканы окуп, толук бүтпөй калган. Баласын ырчы кылам дечү. Бир баласы чарчап калган. Аты Жаннат эле. Акыркы постторунда өзү сезгендей “Мен Жаннатымды сагындым” деп киргизиптир. Орозо учурунда болду да, эки жолу ооз ачырды, үйлөрүн тазалады", - деди сиңдиси Айсулуу.

Рахима Айкымбаева. Жеке архивден сүрөт.

Соңку үч жылда Рахима сыяктуу өз жакынынын колунан бир нече жаш өмүр жайрады:


1. 37 жаштагы Кенжегүл Токтогулованын сөөгү 2024-жылы февралда таштандыдан табылган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал киши колдуу болгону такталган. Анын өлүмүнө шек саналып чогуу жашаган 52 жаштагы киши кармалган.


2. 23 жаштагы Айкыз Калмурза кызы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан. Милициянын маалыматында, майыптыгы бар келин кызынын көзүнчө күйөөсүнөн таяк жеп, каза тапкан. Маркумдун жолдошу 13 жылга эркинен ажыраган.


3. 2024-жылы 19 жаштагы Асел Жанарбек кызынын сөөгү Чоң Чүй каналынан табылган. Алгач канал жээгинен анын телефону жана кийими табылып, издөө иштери бир айга созулган. Ал өлөр алдында жакындарына билдирүү калтырып, өлүмүнө күйөөсү күнөөлүү экенин жазган. Аселдин апасы кызынын денесинде көк ала тактар бар экенин билдирген. Экинчи тарап зомбулук болгонун четке каккан. Иш тергөөдө.


4. 25 жаштагы Айтурган Маматкулова 2024-жылы июлда Бишкектеги
ооруканада каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип
алганын айткан. Маркумдун жакындары келиндин денеси көк ала экенин
айтып, мурда күйөөсүнөн зомбулугуна кабылганын, ур-токмоктон каза
болгонун божомолдошууда. Айтургандын өлүмүнө шектелип жолдошу эки
айга камалды. Кайын журту зомбулук тууралуу айтылгандар менен макул эместигин билдиришкен.

5. 2023-жылы февралда 51 жаштагы Алтынай Канзаманова 17 жаштагы кызы, жети жаштагы уулу менен чогуу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары жети жаштагы баласынын атасы, 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан.


6. 43 жаштагы кыргызстандык келин Москвада күйөөсүнүн колунан ажал
тапкан. Маркум 2023-жылы августта балдарынын көзүнчө бычакталган.
Артында беш баласы калды.


7. 33 жаштагы Анара 2021-жылы үйүндөгү сарайда асынып калган жеринен табылган. Келиндин төркүндөрү "окуяга күйөөсүнүн зомбулугу себеп болду" деп арызданган болчу. Ошол күнү кечки саат ондор чамасында ал туугандарына чалып, жолдошу ур-токмокко алып жатканын айтып, ортого түшүүгө чакырган.


8. 30 жаштагы келин 2022-жылы Караколдогу соода борбордо
бычакталып, каза тапкан. Ага бычак сайгандан көп өтпөй мурдагы күйөөсү
өзүнө кол салып, оор абалда ооруканага түшкөн. Үч балалуу үй-бүлө окуя
болордон бир ай мурда ажырашкан.


9. Сокулук районунда жарандык жолдошунун ур-токмогунан 24 жаштагы
келин
2022-жылы декабрда каза болгон. Милиция келин ооруканага түрдүү жарааттар менен түшкөнүн, дарыгерлердин жардамына карабай каза болгонун билдирген. Көп өтпөй маркумдун жарандык жолдошу кармалган.


10. 39 жаштагы келин 2022-жылы июнда Сузакта күйөөсү сабагандан кийин каза болгон. Милициянын маалыматында айтылгандай, келинди күйөөсү кечинде мас болуп келип сабаган.

11. 40 жаштагы Гүлмайрам 2021-жылы январда күйөөсүнүн колунан каза тапкан. Экспертиза анын жаздык менен тумчуктурулганын билдирген.
Аялынын өлүмүнө шектелген күйөөсү дары ичип, он күн ооруканада
жаткандан кийин каза болгон. Артында төрт бала жетим калды.

12. 39 жаштагы Айжан Алыкулова 2024-жылы февралда Бишкектеги батиринде киши колдуу болгон. Тергөө анын катуу сабалып, бир нече жеринен оор жараат алганын белгилеген. Шектүү деп жарандык никеде турган 34 жаштагы жаран кармалган. Артында уулу калды.

Бурулай, Айзада, Медиана... Тилекке каршы, бул тизмени дагы уласа болот.

Айжан Алыкулова. Жеке архивден сүрөт.

"Жанга кубат берерим, жаркылдагым,
Сен өзүңдөй баарына жаркылдадың.
А бир зулум өчүрүп жамалыңды,
Эң акыркы үмүтүң калтырбады..."

39 жашында өз үйүндө киши колдуу болгон Айжан Алыкуловага арнап апасы Роза Жекшенованын жазган ыры.

Айжан быйыл 24-февралда түнү Бишкектеги батиринде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү деп жарандык никеде турган 34 жаштагы киши кармалып, учурда тергөө абагында отурат. Тергөөнүн версиясына караганда, Айжан катуу сабалган, бир нече кабыргасы сынган. Анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн апасы Роза Жекшенова айтып отурса, чыдап уга албайсың:

"Муунткандын изи бар. Каракуштан үч тешик кеткен. Оң жак, сол жактагы сегиз кабыргасы сынган. Кабыргасы өпкөсүн жарып кеткен. Сол жактагы кабыргасы бөйрөгүн жарып кетиптир. Башына кан куюлган. Көз айнек тагынчу эле кызым, көз айнектин тирөөчтөрү көзүнө кирип кеткен. Бетинде көк ала болбогон жери жок. Өзүм төрөп, өзүм чоңойтком деп баламды өзүм жуунттум, өзүм узаттым. Денесинин тамтыгы жок, бардык жеринде кыйноонун изи бар. Ар бир түнү уйкум бузулат. Кызымдын кантип кыйналып жаны чыкканын эстесем, бул жашоодо бир мүнөт да тургум келбейт, бир мүнөт..."

Маркум Айжан Алыкулованын апасы Роза Жекшенова.

Роза Жекшенова Айжандын бала чагындагы сүрөттөрүн бир ыйлап, бир жылмайып көрсөтүп отурат. Апасы мага тун кызы Айжанды кучактап, бакытка балкыган сүрөттөгү ошол мезгилге кайткысы келип жаткандай туюлду:

“12-август кызымдын туулган күнү болчу, 40ка чыкмак. Дүйнөдөгү эч бир энеге мындай күндү бербесин, баланын артында калтырып боздотпосун. Студент кезимде, диплом алганда төрөп алган кызым болчу. Кичинекейинде эле жароокер, сүйкүмдүү болчу. Чоң энесин аябай жакшы көрчү. Бул кыз келгенде үйүбүзгө кут түшкөндөй болгон. Абдан тууганчыл, камкор эле. Ким эмнеден кыйналып жатканын сезип турчу. Кайсыл күнү эне, апа деп айтканы, ата деп айтканы, там-туң басканы, бала бакчага, мектепке жетелеген күндөр, жакшы окуп, мугалимдери мактаган күндөр күнү бүгүнкүдөй эсимде. Чет өлкөгө бара калып эле котормочулукту аркалап кеткен жок. Ага чейин үй жардамчысы болду, колуна эмне жумуш тийсе, баарын иштеди. Кичине кезинен эле жайында бир нерсе сатып, акчаны өзү таап келгенди жакшы көрчү. 9-класста кыздар менен карагат терген акчасына балдар үйүнө йогурт сатып алып барышыптыр. Жүрөгүнүн тазалыгына сыймыктанчумун. Бөбөктөрүнө кичине болсо дагы белек жасап, кубантканды жакшы көрчү. Эмнегедир жашоодогу максаты адамдарга
мээрим, сүйүү чачуу болчу” .

Маркум Айжан Алыкулованын ымыркай чагы. Жеке архивден сүрөт.

Айжан соңку 15 жылын чет өлкөдө жашаган. Англис тилин өз алдынча үйрөнүп, Түркия, Дубай, Германия, Бельгияда иштеген. Ден соолугуна байланыштуу Кыргызстанга бир жыл мурун келген экен. Аны жакындан тааныгандар колу бошогон учурда балдар үйүнө, карылар үйүнө белек-бечкек ала барып, ыктыярчы болгонду адатка айландырып алганын айтып беришти. Айжан быйыл жаңы жылдын алдында таанышып, бактымды таптым окшойт деген кишинин колунан каза болгон. Ал Айжандын үйүнө көчүп келгенден бир ай өтпөй ушундай кылмышка барган экен.

“Ушул жерде видео камера бар. Күндө гүл, конфет көтөрүп келип эшигинен кетпей жүрүп, үстүнө кирип алды. Сүйлөшкөндө мага жаккан жок, байкаштырып көр дедим. Экөөбүз Вотсапптан сүйлөшчүбүз, ошолор айтылганбы, айтор кийин эле Вотсапп өчүп калды. Биз балдардын туулган күн, майрамдарды өзүбүз чакан топто белгилечүбүз. Бир неберемдин туулган күнүнө келбей калды. Бул биринчи жолу болду. "Казакстанга кеттик, Чуңкурчакка" кеттик деп бара-бара менден кызым алыстай баштады", - деди маркумдун апасы.

Айжан Алыкулова. Жеке архивден сүрөт

Айзада Малдыбаева, муркум Айжандын курбусу: “Ал чындап эле эч кимге жамандыгы жок адам болчу. Экөөбүздүн тең бирден балабыз бар, кудаларды чогуу тосуп, чогуу узатабыз деп кыялданчу элек. Абдан боорукер эле. Көчөдөгү ит, мышыкка дагы тамак алып берчү. Эмнеге Айжан ушундайга туш болду деп аябай жаман болдум. Мага бул өтө оор тийди".

Айжандын ишке ашпай калган кыялы

“Сүйүктүү Кудайым, мага берген бардык нерсе үчүн ыраазымын. Балам, үй-бүлөм, ата-энем, эже-сиңдилерим, мага берген сулуулук, ден соолук үчүн рахмат. Мен өзүмдүн сүйүүмө бактылуу адаммын. Сүйүктүүмө жолугуп, мен сүйгөн жана мага кымбат адамдарды бактылуу кылгым келет. Мен ошого даярмын. Кыздуу же уулдуу, Кудай кандай кааласа, негизгиси балалуу болгум келет”.

Айжан Алыкулованын күндөлүгү. Жеке архивден сүрөт.

Бул Айжандын күндөлүгүнө жазып калтырган, эми такыр ишке ашпаган кыялы.

Кыргызстандагы фемицид учурлары:

Буга чейин Кыргызстандык журналисттер эл аралык уюмдун колдоосу менен алгач ирет өлкөдөгү фемицидди изилдеп чыгышкан. Анда 54 миңден ашуун маалымат, жаңылык талдоого алынып, ар бир аныкталган фемицид учурлары боюнча маалымат базасы түзүлгөн. Бул изилдөө өмүрү кыйылган аялдардын көбү күйөөлөрүнүн, өнөктөштөрүнүн такай зордук-зомбулугуна кабылып жүргөнүн көрсөткөн.

Дагы бир изилдөөгө ылайык, 2010-жылдан 2023-жылга чейин 1109 аял каза тапса, анын үчтөн бири фемицид курмандыктары болгон. (IWPR Central Asia медиа-уюмунун изилдөөсү).

Социолог жана гендердик эксперт Гүлнара Ибраева зомбулуктун тамыр жайышы коомчулуктун кайдыгерлиги менен байланыштуу экенин белгилөөдө:

"Фемицид - аялдардын, кыздардын өлтүрүлүшү. Коомчулуктун кайдыгерлиги, мамлекеттик тийиштүү органдардын натыйжалуу иштебегени, ошонун баары - фемициддин түпкү себеби. Массалык түрдө катталып жаткан соң, муну фемицид эле деш керек. Көбүнчө эркектер деп айтып жатабыз, аялдар да агрессор болуп чыгат. Ошол агрессорлорду коррекция кылган программалар аз жана натыйжасы жок. Эгер адам өзү көрүп, мен бирөөнүн укугун тебелеп жатам, зомбулук кылып жатам деп түшүнбөсө, бул ого бетер күчөйт. Боло берет, баарыбыз эле ушундай жашайбыз, баарыбыз эле баштан кечиргенбиз деген сөз өтө зыяндуу".

Ички иштер министрлигинин статистикасы.

Соңку учурда зомбулук көргөн аялдардын укугун коргоп жүргөн адвокат Индира Саутова үй-бүлө институтун бекемдеп, балдарды тарбиялоо маселесине көңүл бурууга чакырды:

Индира Саутова, адвокат.

“Катталган фактыларды анализдесек, ошол эле зөөкүр кишилер өздөрү дагы зомбулук көргөн кишилер болот экен. Ал эми жабыркаган кишинин психотибин анализдесек, алар дагы бала үчүн, ата-энеси үчүн чыдап жашап келишкен. Көп келиндер мени ата-энем барган жериңден
кайтпагын деген үчүн зомбулукка чыдадым дейт. "Сени жолдошуңа аманат кылып бердим, ошол жактан келбе" деген үйдөгү тарбия ушундай. Бул психологиялык жактан дагы туура эмес. Келин төрөсө, үйдө отурса, күйөөсүнө көз каранды болуп отурса, ошондо зомбулукка кабылса бара турган жери, коргоп алар эч кимиси жок экен. Мунун артында айтылбаган, жазылбаган ушундай оор учурлар болуп жатат”.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, соңку 2,5 жылда 34 аял зомбулуктун курмандыгы болгон.

Бириккен Улуттар Уюумунун соңку баяндамасындазомбулукка кабылган аялдар үчүн эң кооптуу жай - анын үйү деп айтылган. Анткени кылмыштардын көбү өздөрү жашап жаткан үйүндө катталып, аялдар күйөөсү, досу, өнөктөшүнүн колунан ажал тапкан. Кыргызстанда катталган учурлардын 75% дагы ушундай.

Гүлнара Ибраева, социолог жана гендердик эксперт.

“Негизи зордук-зомбулукту изилдөө - абдан татаал иш. Биз көп болсо көзгө көрүнгөн, айсбергдин үстүн эле изилдей калабыз. Суунун астындагы, коомчулукка байкалбаган учурлар 70-80%. Сотко өткөн учурлар 30% дагы жетпейт. Балким, толук кандуу жазаны алгандар 1% эле болот. Өлүм менен аяктаган окуяларда деле кылмышкерлердин өтө аз бөлүгү жазасын алууда", - деди Гүлнара Ибраева.

Анын айтымында


"Кыргызстандагы фемициддин мүнөздөмөлөрү айтып тургандай, аялдар көзү тирүүсүндө такай ур-токмокко туш болуп, көп жаракат алат да, натыйжада мыкаачылык менен өлтүрүлөт. Аялдарды өлтүргөндөрдүн 100дөн бери эле дегенде 70и кылмышын жашырууга аракет кылган. Сөөктү өрттөө жана жиликтөө аркылуу маркумдун сөөгүн жок кылганга аракет кылгандар бар. Биз санаган иштердин айрымдары кыскарып, сот жообуна эч ким тартылган эмес. Көбү өзүн-өзү өлтүрдү деген бойдон жабылып кетет. Статистика аябай көп, жылына 13-14 миңге чейин барат. Анын ичинен өлүм менен аяктаган учурлар так аныкталбайт. Анткени ушундай жашоого тоюп кетип өзүн өлтүрүүгө баргандар болот. Ал статистикага кирбей калат, аны аныктаганга биздин мүмкүнчүлүгүбүз жетпей жатат. Бул аял өлгөндөн кийин дагы анын үй-бүлөсүнө сөз келип жатпайбы, азыркы аялдар мындай деп. Бул фемицид, зордук-зомбулукту колдоонун белгилери. Кайра өлгөн адамды күнөөлөшөт”, - дейт эксперт Ибраева.

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси (WPS) уюмунун 2023-жылдагы отчетунда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан. Ушул эле рейтингде Өзбекстан 94-орунда, Тажикстан 90-орунда жана Казакстан 80-орунда турат. Ал эми Түркмөнстан 58-орунду ээлеп, аймактагы кыйла коопсуз өлкө катары сыпатталган.


“Зомбулук социалдык статуска карабайт экен. Ошол мугалимдерди сабабайт, үй-бүлөсүндө андай болбосо керек деп ойлойбуз. Зомбулукка ар ким кабылышы мүмкүн, ал байына, кедейине карабайт. Бизге бажы кызматкерлери, милиция кызматкерлеринин аялдары келип жаткан учурлар бар. Жабыркаган аялдар дагы убагында зомбулукту көрүп чоңоюп, муну норма катары кабыл алып, өз үй-бүлөсүндө дагы “апам чыдаган, мен дагы чыдашым керек” дегендей аң-сезимге кирип калат экен. Ошондуктан коом менен, үй-бүлө институту менен иштеш керек, бала тарбиялоого маани бериш керек. Бир мыйзам менен чечилбейт бул нерсе. Ар бир эне, ар бир ата, ар бир адам буга салым кошуш керек", - деди адвокат Саутова.


Кызынан айрылып, көздөрү жалдыраган неберелерин көрүп жүрөгү тилинген маркум Рахиманын апасы Салкынай Курманованын абалын бул сөздөрүнөн билсек болот:

“Эл эмне деп айтат, кокуй мындай андай дебешибиз керек экен. Уят деп атып эле... Энесинен айрылып отурган балдарга көз жашымды көргөзбөйүн деп кээде талаага чыгып бакырып-бакырып ыйлап келем. Ушундай болуп кетет деп ойлогон эмесмин".