Түрмө турмушун романга айланткан Мелис Макенбаев

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн биз окуялуу романдары аркылуу 90-жылдары окурмандардын кеңири чөйрөсүнө таанылган жазуучу Мелис Макенбаев тууралуу кеп кылабыз. Совет мезгилиндеги жабылуу темалардын бири - абак турмушун, селсаяк жашоосун, кылмыш дүйнөсүн чагылдырган романчы Мелис Макенбаев ким болгон?

Түрмө романдары автобиографиялык чыгармаларбы? Аны тагдыры жазуучу кылганбы же кыйсыпыр заман тагдырын талкалап, өмүрүн кыскартканбы? Ушул жана башка маселелердин айланасында жазуучунун жашоосун билген, чыгармачылыгын изилдеген окумуштуулар, педагогика илимдеринин доктору Мира Сыдыкбаева жана филология илимдеринин кандидаты Медербек Байгазиев менен "Азаттыктын" Бишкек студиясында Бурулкан Сарыгулова баарлашты.