Министрлер кабинети Орусия Жалал-Абад менен Таласта эки чакан ГЭС курарын билдирди

Кыргызстан менен Орусиянын желектери. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Кыргызстандагы "Чандалаш" жана "Жерүй" чакан ГЭСтерин кура турган болду.

Жалпы суммасы 40 млн долларга бааланган "Чандалаш" ГЭСин (Жалал-Абад) куруу тууралуу келишим Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду, "Альфа ойл" ишканасы жана Орусиянын "Русатом Сервис" компаниясынын ортосунда түзүлдү. Ушундай эле суммага "Жерүй" ГЭСин (Талас) курууну Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен Орусиянын "Альянс Гидро" компаниясы макулдашты.

Келишимдер Ысык-Көлдө өтүп жаткан VI кыргыз-орус экономикалык форумунун жыйынтыгында түзүлгөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, эки өлкөнүн ортосунда жалпы 265 млн долларлык келишим түзүлдү. Анын ичинде: "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасын биргелешип оңдоо, Бишкекте "Азимут Хотелс" мейманканаларын куруу, Чүй облусунда таштандыны кайра иштетүү, Бишкектеги муниципалдык ишканаларды санариптештирүү, технопарк куруу жана башка келишимдер бар.

Маалыматта ГЭС курулуштары качан башталары жазылган эмес.

12-сентябрда Ысык-Көлдө VI кыргыз-орус экономикалык форуму өтүп жатат. Ага эки мамлекеттен түрдүү тармактарда иш алып барган ишкана, мекеме жана компаниялар катышууда. (ZKo)

Дагы караңыз

Көчмөндөр оюндары: Казакстан көкпардан жеңүүчү деп табылдыВолгоград түрмөcүндөгү тополоң: Эки тажик жигиттин жакындары эмне дейт?Беслан окуясы: Жакынын жоготкондор издеген чындыкПрезидент Мирзиёевдин күйөө баласынын көмүскө хансарайы Беларус өкмөтү жетим балдарды аскерге даярдап, согушка үйрөтөт"Минтип көчөдө калдык". Венгриядагы украин качкындары