Мурманск облусунун губернатору дрон чабуулу болгонун маалымдады

Мурманск, Орусия. Архив

Орусиянын Мурманск облусунун губернатору Андрей Чибис “душмандын дрондору” тууралуу маалымдап, жергиликтүү тургундарга “этият болууну” эскертти. Телеграм-каналындагы маалыматта жетекчи “убактылуу чектөөлөрдү” тушүнүү менен кабыл алууга, “жердеги жана абадагы” шектүү буюмдар тууралуу полицияга кабарлап турууга үндөдү.

Baza Телеграм-каналы жазганына караганда, облуста учкучсуз учактардын сокку уруу коркунучунан улам атайын план ишке киргизилди. Маалымат боюнча, үч дрон Орусиянын Түндүк флотунун деңиз-аскердик базасы орун алган Североморск шаарында байкалган. Андан кийин Кола жарым аралында учууларга чектөө киргизилди.

Августтун аягында губернатор Чибис “дрон коркунучу” аныкталганын билдирип, бирок анын чоо-жайын айткан эмес. Ал күнү да бир нече аэропорт жабылган.

Июлдун этегинде Украинанын чалгындоо кызматы алардын дрондору бомба ташыган Ту-22М3 учактары жайгашкан Оленья аэродромуна сокку урганын билдирген. Ал учактар Украинаны бомбалоо үчүн колдонулат. Москва сокку тууралуу маалыматты бышыктаган эмес.

Аэродром украин армиясы сокку урган эң алыскы жер болуп калды.

Дагы караңыз

"Бизде азырынча тажрыйба жетишсиз". Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына тандоо оюндары "CCCР өзбек элин кемсинткен". Депутат советтик пропагандага тыюу салууну сунуштады 11.09 сабагы: ​​​​​​​АКШнын «бүтпөгөн согуштарга» аралашкан доору аяктадыбы?