Украина орусиялык 20 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди

«Искандер-М» ракетасы. Иллюстрация

Украинанын куралдуу күчтөрү маалымдагандай, 11-сентябрга караган түнү Аба күчтөрүнүн радиотехникалык бөлүгү 20 дронду атып түшүрдү.

Маалыматка караганда, Орусиянын Краснодар крайынан «Искандер-М» баллистикалык ракетасы, Донецкинин оккупацияланган аймагынан С-300 зениттик ракеталары, Кара деңиз акваториясынын үстүнөн алты Х-31П ракеталары, 25 Shahed дрону менен сокку урулган.

Украин аскерлери жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу кабарлаган жок.

Киев, Херсон, Черкассы, Сумы, Днепропетровск жана Полтава облустарында да абадан коргонуу системалары иштеп жатты.

Орус армиясы кошуна өлкөсүн түрдүү курал менен аткылап, бомбалап келатат. Москва оорукана, мектеп, бала бакча, энергетика жайлары өңдүү жарандык инфраструктураны, жайкын элди бутага алганын танууда.

Киев жана эл аралык уюмдар андай соккуларды согуш кылмышы деп сыпаттайт.

Дагы караңыз

"CCCР өзбек элин кемсинткен". Депутат советтик пропагандага тыюу салууну сунуштады АКШ ATACMS ракеталары менен Орусиядагы буталарга сокку урууга уруксатты караштырууда 11.09 сабагы: ​​​​​​​АКШнын «бүтпөгөн согуштарга» аралашкан доору аяктадыбы?