АКШ ATACMS ракеталары менен Орусиядагы буталарга сокку урууга уруксатты караштырууда

HIMARS ATACMS

АКШ Украинага орус агрессиясына туруштук берүү үчүн узак аралыкка учуучу ракеталарды колдонууга киргизилген чектөөнү алууну караштырууда.

Бул тууралуу шейшембиде АКШ президенти Жо Байден билдирди. Маалыматка караганда, Ак үйдүн администрациясы “маселенин үстүнөн иштеп жатат”. Азырынча Вашингтон алыска сокку урган андай оор куралды, өзгөчө Америкада өндүрүлгөн системаларды жаңжалдын күчөшүнөн чочулап, Орусиядагы буталарга каршы колдонууга расмий уруксат бере элек. CNN телеканалынын Байдендин администрациясындагы булактары андай саясат өзгөрүүсүз каларын билдиришти.

Ошол эле маалда 11-сентябрда Киевге бараткан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен уруксат берүү ыктымалдыгын жокко чыгарбасын The Times жазды.

Башкы дипломат Украинанын “орус агрессиясына натыйжалуу жооп кайтаруу жөндөмүнө көз саларын” айтты.

Блинкен Вашингтон украин президенти Владимир Зеленскийдин сунуштарын “угуп жана карап чыгарын” кошумчалады. Зеленский америкалык ракеталарды Орусиядагы маанилүү аскердик буталарга уруу уруксатын алууга аракет көрүп келет.

Өткөн аптада украин лидери Германиядагы жыйында Батышты орус аскерлерине каршы күрөшүп жаткан өлкөнүн жөндөмүн чектөбөөгө чакырган. АКШнын коргоо министри Ллойд Остин чектөөнү алып салуу согуштун нугун олуттуу өзгөртпөйт деп эсептейт.

Дагы караңыз

"CCCР өзбек элин кемсинткен". Депутат советтик пропагандага тыюу салууну сунуштады "Бизде азырынча тажрыйба жетишсиз". Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына тандоо оюндары 11.09 сабагы: ​​​​​​​АКШнын «бүтпөгөн согуштарга» аралашкан доору аяктадыбы?