Москва облусуна жасалган жапырт дрон чабуулунан адам өмүрү кыйылганы кабарланды

Москва облусуна жасалган дрон чабуулунун кесепети

Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев билдиргендей, 10-сентябрга караган түнү Раменское шаарына жасалган дрон чабуулунан бир аял набыт болуп, үч киши жараат алды. Маалыматка караганда, учкучсуз аппараттар Жуковский аэропортуна жакын жайгашкан шаардагы көп кабатуу үйлөргө тийген.

Воробьев 43 тургун убактылуу баш калкалоо жайына жеткирилгенин, 50дөн көп батир талкаланганын кошумчалады.

Андан тышкары Жуковский аэпортуна абадан чабуул коюлганы кабарланды. Аба майданы бир канча убакытка жабык болду.

Внуково жана Домодедово аэропорттору да коопсуздук маселелеринен улам аба каттамдарды кабыл албай турушту. Учурда үч аэропорттун тең иши калыбына келтирилди.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Раменское калаасындагы көп кабаттуу үйгө жана Жуковксий аэропортуна атып түшүрүлгөн дрон калдыктары тийгенин Телеграм-каналы аркылуу билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги 10-сентябрга караган түнү тогуз облуста жалпы 144 дрон абадан атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Тула облусунда учкучсуз аппараттын калдыктары отун-энергетикалык комплекстин объектине тийгенин, жабыркагандар жок экенин жергиликтүү бийлик маалымдады.

  • Москва Украинага кеңири согуш ачкан 2022-жылдан бери Орусиянын аймактары аткылоолорго жана дрон чабуулдарына дуушар болуп келет. Орусиянын Коргоо министрлиги "украиндердин чабуулдарынан" мизи кайтарылганын дайыма маалымдайт. Көп учурда Киев бул окуяларга комментарий бербейт.