Көчмөндөр оюндары: көкбөрү менен көкпардан мелдештер башталды

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрүдөн жана көкпардан (жер улак) мелдештер башталды. Көк бөрү боюнча мелдештерде алты команда: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Түркия жана Орусиянын курамалары катышууда. Алар өз ара эки тайпага бөлүнгөн. "А" тайпасында Казакстан, АКШ, Түркия, "Б" тайпасында Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусиянын курамалары бар.

Бүгүн 9-сентябрда тайпалык оюндар орун алып, Казакстан АКШ курамасын 18:0 эсеби менен Кыргызстан Өзбекстанды 12:6 эсеби менен жеңип алды. Эртең АКШ курамасы Түркия менен, Өзбекстан курамасы Орусия менен кездешет.

Ал эми көкпардан мелдештерге 9 команда катышууда. Мында да комнадалар эки топко бөлүнгөн. Бүгүн биринчи оюнда Кыргызстан Монголияны 16:0 эсеби менен утту. Казакстан курамасы да ушундай эле эсеп менен Өзбекстанды жеңди.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда расмий ачылды. Ага 90дой мамлекеттен 2,5 миңдей спортчу катышууда. Спорттун 21 түрүнөн мелдештер өтөт. Көк бөрүдөн жана көкпардан мелдештер өз-өзүнчө өтүүдө. Жыл башында көк бөрү оюндардын программасына кирбей калган эле. Кийинчерээк кайра кошулган.

Улуттук спорттун түрлөрүнөн мелдештер Астананын алты жериндеги стадион жана комплекстерде өтүүдө. Жалпы 97 комплект медал ойнотулат. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 253 спортчу барган.

Улуттук оюндарды камтыган иш-чараны Кыргызстан 10 жыл мурда демилгелеп, өзү үч ирет өткөрүп, төртүнчүсү Түркияда уюштурулган эле.(GT)