Украина: Покровск үчүн кармаш уланууда, шаар ээн калды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

9-сентябрга караган түнү орус армиясы башкалаа Киев баш болгон Украинанын бир катар аймактарына абадан чабуул койду. Ай башынан бери Киев бешинчи жолу аба соккуга дуушар болуп жатат. Дрондордун көбү абадан атып түшүрүлгөнүн украин күчтөрү билдирди.  Ал эми фронт тилкесине кайрылсак, кырдаал эң курч болуп турган Покровск багытында украин армиясы соңку күндөрү орус күчтөрүнүн чабуулун токтото алганы кабарланууда.