АКШнын мурдагы вице-президенти, республикачы Дик Чейни президенттик шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери, азыркы вице-президент Камала Харристи колдойт.
Мурдагы президент Жорж Буштун администрациясындагы таасирдүү кишилердин бири катары катары эсептелген Чейни 6-сентябрда ушундай билдирүү жасады.
Associated Press басылмасы вице-президенттин айткандары Харристи колдоого караганда, көбүрөөк Республика партиясынан талапкер Дональд Трампка оппозиция катары кабыл алынганын белгилейт.
10-сентябрда Трамп менен Харрис ABC телеканалында дебат өткөрөт.
USA Today шейшембиде жарыялаган сурамжылоого ылайык, Харриске шайлоочулардын 48% ыктайт, Трампты 43% колдойт. Президенттик шайлоо АКШда 5-ноябрда болот.
Дагы караңыз
Климаттын өзгөрүшү: Арстанбаптын азыркы абалы"Биримдик күчтүү болсо, сырткы таасир азаймак""Биз "Манасты" сактап бердик, калган тагдыры кийинкилерде"