Угандалык спортчу түгөйү өрттөп жибергенден кийин каза болду

Ребекка Чептегеи (солдо) Будапешттеги марафон учурунда. Венгрия. 26-август, 2023-жыл

Париж Олимпиадасынын катышуучусу, угандалык жөө күлүк, 33 жаштагы Ребекка Чептегеи түгөйү өрттөп жибергенден кийин алган жарааттардан улам каза болду. Бул тууралуу бир катар кабар агенттиктери жазышты.

Маалыматка караганда, жекшемби, 1-сентябрда спортчуну ооруканага жеткиришкен, анын денесинин 80% күйгөн. Эртеси полиция Чептегеинин чогуу жашаган сүйлөшкөн жигити ага канистра менен бензин чачып өрт койгонун билдирген. Ал киши да күйүк менен ооруканага жаткырылды.

Тартип коргоочулар ошол убакка чейин бул жуп өздөрү үйү турган жер тилкеси үчүн уруша кетишкенин маалымдашты. Атлеттин ата-энеси жерди кызы машыгуу борборуна жакын деп сатып алганын айтып беришкен.

Париждеги жайкы оюндарда маркум марафондо 44-орунду ээлеген. Анын артында балдары калганы кабарланды.

Рейтер жазгандай, 2021-жылдын октябрынан бери Угандада 3-спортчу киши колдуу болуп өлдү.

Дагы караңыз

Уу калдык ташыган унаанын кулашы, "Росатомдун" жообуМосква соту "Сахаровонун" үч кызматкерин эки айга камадыБорбор Азиядагы мураскорлор: Саиданын саясий дымагы