Москва соту "Сахаровонун" үч кызматкерин эки айга камады

"Сахарово" борбору. Орусия. Архив

Москва соту "Сахарово" кармоочу жайынын үч кызматкерин эки айга камакка алды. Чет элдиктердин убактылуу кармоочу жайында иштеген Абдулгапиз Мустапаев, Рудик Текнежян жана Ольга Адакина кызмат абалынан пайдаланып, көз боёмочулук кылган деп айыпталууда. Бул тууралуу Москва сотторунун басма сөз кызматы маалымдады.

3-сентябрда орус башкалаасынын четиндеги борбордо тинтүү жүргөн.

Тергөөнүн версиясына ылайык, үчөө чет өлкөлүктөргө кармоочу жайдагы мөөнөтүн кыскарта алышарын айтып алдашчу. Үйлөрүнө тезирээк жөнөтүү үчүн 30 миң рубль сурашчу, ал эми 5 миң рубль парага жакындары менен жолуктуруп келишкен.

"112" каналынын маалыматына караганда, айыпталуучулардын адамдары борбордун жанында мигранттарга ошондой кызматтарды сунуш кылчу.

Мустапаев, Текнежян жана Адакина күнөөлүү деп табылса, алты жылга абакка кесилиши ыктымал.

"Сахароводо" отурган көптөгөн мигранттар ал жерде кыйноолорго, ыдыкка туш болгонун айтып беришкен. Айрымдары аялдарды кордошорун, эркектерди сабашарын айтышкан. Башкалары борбордо отурган маалда банктагы акчасынан ажырап калганын баяндашкан.