АКШ Орусияны кремлчил медиа аркылуу президенттик шайлоого таасир этүүгө аракеттенүүдө деп айыптады

АКШ Орусияны Кремлдин кол астындагы медиа аркылуу ноябрдагы президенттик шайлоого таасир этүүгө аракеттенүүдө деп айыптады. Вашингтон орусиялык медиа түзүмдөр муну менен шайлоочулардын америкалык шайлоо процессине болгон ишенимине доо кетирүүдө деп эсептейт.

АКШнын Финансы министрлиги буга байланыштуу “Россия сегодня” медиа тобуна жана анын курамындагы РИА "Новости", RT, Ruptly жана Sputnik компанияларына санкция салды. Бул тууралуу мекеменин сайтындагы билдирүүдө айтылат. Чектөөлөр RTнин башкы редактору Маргарита Симоньянга, орун басарлары Елизавета Бродскаяга, Андрей Кияшкого жана Антон Анисимовго, санарип долбоорлордун менежери Константин Калашниковго жана медиа долбоорлор бөлүмүнүн кызматкери Елена Афанасьевага да салынды.

Ал эми АКШнын Юстиция министрлигинин айтымында, медиа компания Орусиянын кызыкчылыктарын коргогон видео роликтерди чыгарууга дээрлик 10 миллион доллар короткон.

“Авторитардык режимдин өзүнүн пропагандасын көмүскө алга жылдыруу аракеттерин көз жаздымда калтырбайт”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Андан тышкары документте Москва маалымат ресурстарынын жардамы менен Молдовадагы абалга таасир этүүгө, Украинадагы, башка өлкөлөрдү дестабилдештирүү аракетин көргөнү айтылат.

Санкцияларга RaHDit деген кремлчил хакердик топ жана анын жетекчиси, Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) мурдагы офицери Алексей Геращенко, "Диалог" аттуу бейөкмөт уюм жана жетекчиси Владимин Табак кабылды.

АКШнын Юстиция министрлиги "Диалог" орус өкмөтүнүн кызыкчылыгында америкалык жарандарга таасир этүү максатында колдонгон жана башка 32 интернет-доменди блоктогонун билдирди.

Тергөөчүлөрдүн версиясына ылайык, Орусия эл аралык коомчулуктун Украинага колдоосун алсыратуу, орусиячыл көз караштарды калыптандыруу максатында АКШдагы президенттик шайлоо алдында пропаганданы жайылткан.

Москва санкцияларга байланыштуу комментарий бере элек. Орусия башка өлкөлөрдөгү шайлоого кийлигишкенин четке кагып келет.