4-сентябрь: “Куликовскийде” тинтүү жүргөнү кабарланды, тажик согушкердин аялы 11 жылга соттолду

“Куликовский” ишканасынын дүкөндөрүнүн бири

4-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Пара алууга шек саналган судья бошотулду

Көп суммада пара талап кылууга шек саналып кармалган Чүй облустук сотунун судьясы Тилек Абдырашитов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2 млн сом айып төлөөгө милдеттендирилип, эч жакка кетпөө тилкатынын негизинде сот залынан бошотулду. 2-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери облустук соттун эки судьясын кармаганы, алар соттолуучудан 6 миң доллар пара алууга айыпталып жатканы кабарланган. Атайын кызмат алар Чүй облустук соттун судьялары Тилек Абдырашитов жана Улукбек Калыбеков экенин ачыктап, “катчы аркылуу соттолуучудан алты миң доллар алып, ич ара бөлүп алышканын”, кармоо учурунда судья Калыбеков кызматтык автоунаасы менен качып, кырсыкка кабылганын маалымдаган. Экинчи шектүүнүн иши тууралуу азырынча маалымат жок.

Абдыкеримовго козголгон иш Башкы прокуратурага жөнөтүлдү

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Аю Холдинг” ишканасына байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында компаниянын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго ачылган иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөнүн жана Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн билдирди. Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2023-жылы сентябрь айында ага Кылмыш-жаза кодексинин беш беренеси менен айып тагылганын кабарлаган. Биринчи май райондук соту Шаршенбек Абдыкеримовду былтыр 8-сентябрда сыртынан камакка алган. Ал азыр кайда экени белгисиз. Биринчи май райондук соту быйыл 17-апрелде “Аю Холдинг” ишканасына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча “АЮ” компаниясынын директору Тыныбек Исаевге жана беш кызматкерине өкүм чыгарганы белгилүү болду. Шаршенбек Абдыкеримов ага козголгон иш жана “АЮ Холдингдин” айланасындагы иштер тууралуу комментарий бере элек.

“Куликовскийдин” кеңсеси тинтүүгө алынганы кабарланды

Бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары укук коргоо органдарындагы жеке булактарына шилтеме берип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Куликовский кондитер үйү” ишканасынын Бишкектеги кеңcесин тинтүүгө алып, документтерин алып кеткенин жазышты. Андан тышкары башкы кеңсесине мөөр басылганы кабарланды. Атайын кызмат бул тууралуу маалымат бере элек. Ал эми “Куликовский” компаниясы комментарий берген жок. Бирок ишкана иштеп жатканы белгилүү болду. Маалыматка ылайык, тинтүү 3-сентябрда болгон. “Куликовский кондитер үйү” - Кыргызстанда эң ири кондитердик ишканалардын бири. Анын Кыргызстандан тышкары Орусияда жана Казакстанда да филиалдары бар. “Куликовский” Кыргызстанда бюджетке эң көп салык төккөн компаниялардын бири болуп саналат.

Львовго урулган соккудан жети киши каза тапты, 40тан ашыгы жабыркады

4-сентябрь күнү эртең менен орус аскерлери Львовго ракета менен сокку урган. Кошуна өлкөдөгү "чыңалган абалдан" улам Польша бир жумада үчүнчү ирет согуштук учактарын жогорку даярдыкка келтирди. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги кабарлады. Шаардын мэри Андрей Садовыйдын айтымында, борбордук вокзалдын айланасындагы үйлөр өрттөндү, терезелери күбүлүп түштү, эки мектепке зыян келтирилди. Алдын ала маалыматка ылайык, орус армиясы Львовго "Кинжал" ракеталары менен сокку урду.

Ла-Манш кысыгынан өтүүгө аракеттенген 12 мигрант чөгүп кетти

"Рейтер" маалымдагандай, француз полициясы алардын Британияга бет алуусуна бөгөт коюуга аракеттенди. Бирок бир нечеси кемеге түшүп жолго чыгууга үлгүрдү, калгандары артка кайтты. Анын алдында Ле-Портел деген районго жакын жерде мигранттарды мыйзамсыз ташып бараткан чакан кеме аңтарылып кеткен. "51 кишини куткардык. Тилекке каршы, эки баланын абалы оор. 12 кишинин өлгөнү расмий бышыкталды, менин билишимче, арасында 10 аял, жашы жете электер да бар", - деп билдирген Франциянын ички иштер министри Жералд Дарманен.

Орусияда тажик согушкеринин жубайы Мадина Бондаренко 11 жылга соттолду

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарынын соту “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкери, тажикстандык Парвиз Саидрахмоновдун (Абу Довуд) жубайын 11 жылга эркинен ажыратты.
Орус бийлиги соттун чечими боюнча комментарий берген жок. Тажик бийлиги 2022-жылы Бондаренко менен Саидрахмоновду жана алардын төрт баласын Түркиядан Дүйшөмбүгө алып келип, 2023-жылы Мадинаны Орусияга өткөрүп берген. Парвиз Саидрахмонов Тажикстанда 2023-жылы 21 жылга эркинен ажыратылган. Улуту осетин Мадина Бондаренко Абу Довуддан үч бала төрөгөн. Сот Мадинанын үч баласы тең Тажикстандын жараны экенин жана алар Дүйшөмбүгө өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Асан Жанышов Дүйнө чемпионатында алтын медал алды

Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Испаниянын Понтеведра шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медал (U-20) тагынды. Ал 3-сентябрда грек-рим күрөшүнөн 87 килограмм салмакта финалда азербайжандык Жожу Самадовду 8:0 эсебинде утту. Финалга чейин Асан 1/8 финалда грузиялык Ачико Болквадзени 11:3, чейрек финалда швециялык Хамза Серджанлыны 7:3, жарым финалда румыниялык Патрик Лулиан Горданды 8:0 эсебинде жеңген. Асан Жанышов 19 жашта. 17 жашка чейинкилер арасында Азиянын бир жолку (2022-ж.), 23 жашка чейинкилер арасында Азиянын эки жолку чемпиону (2023-ж, 2024-ж.). Былтыр 20 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында коло медал тагынган.