Аба ырайы: Күн ачык болот

5-сентябрда жаан-чачын жаабайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 22…27 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 27…29 градус жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы 10…12°, күндүз 21…23 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 3-сентябрда күндүз 21,6°, 4-сентябрда эртең менен 20,1° түздү.

Дагы караңыз

Лозакович: Тамырым Кыргызстанда экенин туйдумШаршенбек Абдыкеримовго козголгон иш Башкы прокуратурага жөнөтүлдүПара алууга шек саналган судья сот залынан бошотулдуКоммерциялык банктардын бир айлык таза кирешеси дээрлик 4 млрд сомго жетти Британиялык рок-тобу "Яндекс" демөөрчү болгон Алматыдагы фестивалга катышпайт