Чукул билдирүү: Үшүк жүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-8-сентябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлүп жатканын маалымдады.

Ага ылайык, 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлеринде жаайт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетет.

8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде абанын температурасы 0…-2° чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картөшкө, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Дагы караңыз

Шаршенбек Абдыкеримовго козголгон иш Башкы прокуратурага жөнөтүлдүПара алууга шек саналган судья сот залынан бошотулдуКоммерциялык банктардын бир айлык таза кирешеси дээрлик 4 млрд сомго жетти Британиялык рок-тобу "Яндекс" демөөрчү болгон Алматыдагы фестивалга катышпайт