Балбан Асан Жанышов Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды

Архив сүрөт. Асан Жанышов Бишкекте өткөн күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында. 15-июль, 2023-ж.

Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Испаниянын Понтеведра шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 20 чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медал (U-20) тагынды.

Жанышов 3-сентябрда грек-рим күрөшүнөн 87 килограмм салмакта финалда азербайжандык Жожу Самадовду 8:0 эсебинде утту. Финалга чейин Асан 1/8 финалда грузиялык Ачико Болквадзени 11:3, чейрек финалда швециялык Хамза Серджанлыны 7:3, жарым финалда румыниялык Патрик Лулиан Горданды 8:0 эсебинде жеңген.

Асан Жанышов 19 жашта. 17 жашка чейинкилер арасында Азиянын бир жолку (2022-ж.), 23 жашка чейинкилер арасында Азиянын эки жолку чемпиону (2023-ж, 2024-ж.) Былтыр 20 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында коло медал тагынган.

Күрөштүн бул түрүнөн 130 килограмм салмакта Самаган Ормонов коло байгеге ээ болду. Ал 3-орун үчүн беттеште армениялык Арамаис Харутутуняндын далысын килемге басты (3:3).

2-сентябрда башталган грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионаты 8-сентябрга чейин уланат. (ECh)