Кабулдагы жанкечтинин жардыруусу үчүн ИМ жоопкерчилик алды

Ооганстандагы жардыруунун кесепети.

Ооганстандын баш калаасы Кабулда алты кишинин өмүрүн алган жанкечтинин жардыруусу үчүн "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Радикал уюм тараткан маалыматка караганда, алар талиб өкмөтүнүн прокуратурасын бутага алууну көздөшкөн.

Калаанын түштүк тарабында 2-сентябрдын кечинде жасалган жардыруудан 13 киши жараат алганын полиция билдирген. Ал эми террордук топ "Талибдердин түрмөсүндө отурган мусулмандар үчүн өч алуу" катары уюштурулган жардырууда каза болгондордун жана жараат алгандардын саны 45тен ашарын маалымдады.

"Талибан" бийликке келген 2021-жылдан бери "Ислам мамлекети" террордук тобунун кол салуулары мурдагыга салыштырмалуу азайганы кабарланып келет. Бирок дагы эле маалы менен болуп турат.

Өткөн айда талибдердин чордону катары саналган Кандагар шаарына жасалган чабуул үчүн дагы жоопкерчиликти "Ислам мамлекети-Хорасан" уюму алган.

Дагы караңыз

Украина: Полтавада орус армиясынын соккусунан 40тан көп кишинин өмүрү кыйылды ӨКМ Миң-Кушта уран калдыгын ташып бараткан автоунаа кырсыкка кабылганын ырастадыОрусиянын Тергөө комитети "Сахароводо" тинтүү жүргүзүп жатат