ИИМ экстремизмди жайылтуунун жазасын күчөтүүнү сунуштады

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда экстремизмди жайылтуунун жазасын күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун 3-сентябрда коомдук талкууга чыгарды. Министрлик эми экстремизди жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуу да мыйзам жоопкерчилиги менен каралууга тийиштигин демилгелөөдө.

ИИМдин негиздемесине ылайык, сунуш экстремисттик мүнөздөгү кылмыштардын укуктук нормаларын жөнгө салууну, экстремисттик материалдарды таратуу жана бийликти басып алууга чакырык жасоонун жоопкерчилигин катаалдатууну көздөйт. Министрлик ошондой эле экстремисттик иш жүргүзүүгө ачык чакырык жасаган жана экстремисттик материалдарды сактаганы үчүн мурда эскертүү берилген жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек деп эсептейт.

"Экстремисттик жана террордук ишмердик менен байланышкан коркунучтардын өсүшү аймактык жана глобалдык мүнөздөгү көйгөйлөрдүн көбөйүшүнө алып келип жатат. Дүйнөдөгү кырдаалы туруксуз аймактарда экстремисттик идеологияны жайылткан жана деструктивдүү максаттарды - мамлекеттин жана элдин коопсуздугуна коркунуч келтирип, конституциялык түзүлүштүн негиздерин жок кылууну көздөгөн айрым радикал уюмдардын жана топтордун иши күч алганы байкалат", - деп жазылган негиздемеде.

Экстремисттик материалдар диний, улут аралык кастыкты козутууга негизги курал болорун, аны жайылтууга акыркы убактарда жашы жете элек балдарды тартуу аракети күч алганын белгилеген министрлик бул үчүн жазаны катаалдатуу зарыл деп эсептейт.

Ага ылайык, экстремисттик материалдарды даярдоо, ташуу, жеткирүү же аларды таратуу максатында алуу, сактоо аракети үчун 5-7 жылга эркиндигинен ажыратылат. Ушундай эле жаза экстремисттик уюмдардын эн белгилерин колдонуу, ЖМК же Интернет аркылуу тараткан адамдарга да колдонулат.

Эгер бул иштер адамдар тобу тарабынан, алдын ала сүйлөшүлүп, чет өлкөлүк уюмдар, жарандардын финансылык же башка материалдык жардамдарын пайдалануу аркылуу жүргүзүлсө, 7-10 жылга чейин кесилет. Ушундай эле жаза кызмат абалынан пайдаланып, коомдук иш-чараларда экстремисттик кылмыш кылган жарандарга да чектелет.

ЖМК же Интернет аркылуу экстремизмге чакыруу үчүн 3-5 жылга, бийликти күч менен басып алууга же кармап турууга чакыруу үчүн 3-5 жылга, адамдардын тобу тарабынан жасалган аракеттер үчүн 3-5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Азыркы мыйзамдарда бул аракеттер үчүн 20 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул төлөө жазасы каралган. (ZKo)

Дагы караңыз

AI Бакуну саясат талдоочу Самедовду бошотууга чакырдыДепутат Миң-Кушта уран калдыгын ташыган дагы бир автоунаа кырсыкка кабылганын айттыЖКнын эки комитети Сыргабаев менен Машиевдин талапкерлигин колдоду