Азербайжанда кезексиз парламенттик шайлоо өтүүдө

Азербайжандагы добушкана. 1-сентябрь, 2024-жыл

Азербайжанда Тоолуу Карабактын үстүнөн көзөмөл кайтарылгандан бери биринчи парламенттик шайлоо өтүп жатат. Былтыркы күздө болгон окуядан кийин көпчүлүктү түзгөн 100 миң чакты этностук армяндар аймактан чыгып кеткен.

Мөөнөтүнөн эрте уюштурулган добуш берүүдө президент Илхам Алиевдин “Жаңы Азербайжан” партиясы жана өнөктөштөрү утуп чыгары күтүлүүдө. Оппозициядагы “Улуттук фронт” шайлоону бойкоттогон. Партия өнөктүк калыс жана эркин өтпөйт деп айтып келатат.

Оппозициялык дагы бир саясий партия - "Мусават" 25 талапкерин каттоодон өткөрө алды. Бардыгы болуп парламентке 125 депутат шайланууда.

Оппозициянын байкоочулары шайлоочуларды ташуу жана бюллетендерди тобу менен салуу учурлары катталганын айтышууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” азери кызматы маалымдады. Бийлик мыйзам бузуулар болгонун четке кагат.

Жергиликтүү саат 15.00дө шайлоочулардын 29,5% добуш бергени маалымдалды.

Өнөктүккө 50 уюмдун, анын ичинде ЕККУнун өкүлдөрү көз салууда. Бирок бул жолу биринчи ирет Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын байкоочулары чакырылган жок. ЕККУ өз баасын 2-сентябрда жарыяламакчы.

Би-Би-Си шайлоо “Алиевдин тушунда рекорддук сандагы саясий туткун түрмөлөрдө отурган чакта өтүп жатканын" белгилейт. Соңку кезде бир катар журналисттер жана активисттер кармалаганы кабарланган.

Шайлоонун жылдырылышын бийлик ноябрда уюштурулчу БУУнун климат боюнча глобалдык саммитине байланыштырып жатат.

Ушу тапта 125 орундун 69у бийликтеги партияга таандык, калгандарынын көбү өкмөтчүл же көз карандысыз депутаттар.