Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 2-сентябрда жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 15…20,
Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 15…20,
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 12…14°, күндүзгү температурасы 18…20° болот.
Дагы караңыз
Израил Газада барымтада турган дагы алты жаранынын сөөгү табылганын билдирди31-августта Ала-Тоо аянтында 502 бала жоголуп, жакындарына кайтарылдыБишкектин көчөлөрүнөн 480ден ашык жарнама такталары алындыМатраимовдун “Эрем” спорт клубу Ош шаардык мэриясына өткөрүлдүМилиция Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чарага 80 миңден ашык киши келгенин билдирди