Эгемендик күнү: Аянттагы майрам

31-августта Бишкектин Ала-Тоо аянтында уюштурулган майрамдык иш-чара дээрлик беш саатка созулду. 

Салтанат алгач даректүү тасма менен башталып, андан соң 100 жылдык тарыхты камтыган театралдаштырылган оюн-зоок жана көргөзмөлөр менен коштолду.

Иш-чара дрондордун коштоосунда шоу программа менен коштолду. 

Майрамдык иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, Бишкектин тургундары жана коноктору күбө болду. Мамлекет башчы кыргызстандыктарды Эгемендик күнү жана Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы менен куттуктап, “көп этностуу элибиздин достугу жана биримдиги – мамлекеттик саясаттын негизги өзөгү” деп билдирди.

2020-жылдагы пандемия маалындагы окуяларды сахналаштырылган көрүнүш. 

Балбан Айсулуу Тыныбекова баштаган кыргызстандык спортчулардын параддан өтүп жаткан учуру. 

1937-1938-жылдары сталиндик репрессиянын курмандыктары тууралуу көрсөткөн майрамдык салтанаттын сахналаштырылган бөлүгү. 

Орус Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-Кыргыз автоном облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автоном облусуна айланган. Аталган түзүм 1926-жылы Кыргыз АССРи деп өзгөртүлүп, 1936-жылдан тартып Кыргыз ССРи болгон. 

Аянтта уюштурулган негизги майрамдык иш-чарага 80 миңден ашык киши келгенин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыяланган.

Аянттагы салтанатта жергиликтүү жана чет элдик ырчылар өнөрлөрүн тартуулады.