Бишкекте президенттик администрациянын «Ынтымак Ордо» имараты ачылды

Ынтымак Ордо.

Бишкекте бүгүн 30-августта президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер катышты.

Ачылыш аземинде президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бул имарат эгемендиктин, өнүгүүнүн символу болот деп айтты.

Президент бийликке келген учурда өлкөдөгү экономикалык өнүгүүнү камсыздоо убадасын бергенин белгилеп, аны ишке ашыруу үчүн бюджетти эки эсе көбөйтүп, жыл сайын 7 пайыздан кем эмес өнүгүү камсыз кылынганын билдирди.

Коопсуздук үчүн коңшу өлкөлөр менен чек ара такталып жатканын айткан мамлекет башчы Тажикстан менен чек араны аныктоо акыркы этапка келгенин жарыялады.

Жапаров коррупцияга каршы күрөштө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин салымы чоң экенин белгилеп, аны замандын баатыры деп атады.

Жаңы имарат “Ынтымак Ордо” деп аталды. Анын курулушу эки жыл мурда башталган, пайдубалын түптөө салтанатына Жапаров өзү катышкан. Жаңы ордо мурдагы “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна курулду. Совет мезгилинде салынган, баш калаанын архитектура эстелигине айланып калган уникалдуу имараттын сүрдүрүлүшү убагында кызуу талкуу жараткан. Куруучу компанияга 16 гектар жер менчикке бериле турганы айтылган, кийин “Иншаат строй билдингге” 16 гектар эмес, 25,7 гектар жер берилери жарыяланган. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев былтыр октябрда курулуштун жүрүшү тууралуу Фейсбук аркылуу маалымат берип, имараттын аянты 17 миң чарчы метр деп пландалса, кийин 39 миңге кеңейтилгени үчүн компанияга берилчү жер чоңойгонун түшүндүргөн. (BkA)

Дагы караңыз

100 объект: Экономикада эске алчу жагдайлар Донецк: Покровск багытында катуу кармаш жүрүп жатат Кемпир-Абад иши боюнча сот 13-сентябрга калды Түркияда өзбекстандык аял кулчулуктан куткарылды