30-август: Кадырбеков депутаттык мандатын тапшырды, Германия абактагы 28 ооганды мекенине жөнөттү

Нуржигит Кадырбеков

30-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Нуржигит Кадырбеков депутаттык мандатынан ажыратылды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековду өзү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыратты. Кадырбеков 22-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) “Ыйман” фондунун ишмердигине байланыштуу сурак берип чыккан. Мандатын эмне себептен тапшырганы тууралуу комментарий бере элек. Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы 28-ноябрда шайланып келип, ошол эле жылдын декабрь айында ишин баштаган. 90 депутаттан турган бул чакырылышта ар кандай себептер менен 20дан ашык депутат мандатын тапшырды.

Кыргызстанда 100 объект ишке берилди

Президент Садыр Жапаров Кемин районунда “Терек-Таш” клинкер чыгаруу заводунун ачылышына катышты. Андан тышкары өлкөдөгү жаңы курулган 40 өндүрүш ишканаларын жана 60 социалдык объектини онлайн ачты. Бул иштер Кыргызстандын эгемендик күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата аткарылган. Ушул эле күнү Кара-Балта шаарында “Жунда” заводу кайра ишке берилип, заводду модернизациялоо долбоорунун алкагында президент курулушка “мезгил кутусун” салды. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, “Жундада” 400гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев коопсуздуктан улам бир нече адам кармалганын айтты

Ташиев 31-август - Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата уюштурула турган майрамдык иш-чаралардын алдында коопсуздук чаралары көрүлүп жатканын билдирди. “Көптөгөн маалыматтар болуп атат. Түнү менен атайын операцияларды жүргүзүп, бир нече адамды кармап, ишмердигин токтоттук”, – деди ал. Бирок атайын кызмат кимдерди кармаганын тактаган жок. УКМКнын басма сөз кызматы да азырынча маалымат бере элек. Ички иштер министрлиги (ИИМ) 31-августта Бишкектеги майрамдык иш-чаралар учурунда 5 миңден ашык кызматкер коомдук тартипти көзөмөлдөй турганын билдирген.

Кыргызстан менен Ооганстан товар жүгүртүүнү көбөйтүүнү көздөйт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги расмий Бишкек Ооганстан менен товар жүгүртүүнү көбөйтүү тууралуу сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу 29-августта Өзбекстандын Термез шаарында Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев менен Ооганстандын өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу Нуриддин Азизийдин жолугушуусунда сөз болду. Анда тоо-кен, нефтини кайра иштетүү жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайрадан өз колуна алган. Кыргызстан “Талибанды” Ооганстандын расмий бийлиги деп тааныбайт.

ISW: Орусия Украинанын стратегиялык шаарын басып алуу үчүн эки тараптан чабуул жасоодо

Согушту изилдөө институту (ISW) Орусия Украинанын Донецк облусундагы стратегиялык мааниси бар Покровск шаарын карай чабуулдарында “эки негизги тактикалык операцияны” ишке ашырып жатканын билдирди. Уюмдун 29-августтагы маалыматына караганда, Покровск шаарынын чет жакасына жетиш үчүн чыгыш тарапты көздөй Новогродовка шаарынан Гродовка кыштагына чейинки аралыкта жүрүүдө. Экинчиси Покровск шаарынын түштүк-чыгышында Селидово – Украинск – Горняк багытында “украиндердин контрчабуулдарына туруштук бериле албай калышы мүмкүн болгон жерлерди жоюу жана орус аскерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” экени белгиленди.

Германия абактагы 28 ооган жаранын мекенине жөнөттү

Лейпциг шаарынын аэропортунан Qatar Airways авиакомпаниясынын чартердик учагы менен Германиянын бир нече аймагында соттолуп, абакта кармалып отурган 28 оогандык мекенине жөнөтүлдү. Журналисттердин маалыматына караганда, Берлин Кабул менен түздөн-түз сүйлөшүү жүргүзгөн жок, ортомчулук жардамын Катар мамлекети көрсөттү. Германия канцлери Олаф Шольц Мангейм шаарындагы кол салуудан кийин Ооганстандын жана Сириянын өзгөчө оор кылмыш жасаган жана террорчулукка шектелип жаткан жарандарын мекенине кайтаруу жараяны кайрадан уланарын быйыл май айында билдирген.

Пакистанда жер көчкүдөн 12 кишинин өмүрү кыйылды

Кырсык Хайбер-Пахтунхва провинциясында, соңку бир нече күндөн бери жаан тынбай жаап жаткан Жогорку Дир аймагында бүгүн 30-августта болду. Каза тапкандардын үчөө аял, үчөө эркек, калгандары балдар, баары бир үй-бүлөдөн чыккан жакын туугандар экени, кырсык жумага караган түнү, эл уктап жаткан учурда болгону, куткаруучулар сөөктөрдү алып чыгышканы кабарланды. Азыркы тапта да Пакистандын айрым аймактарында нөшөр жаан жаап жатат, бийлик мындай абал сел, ташкын жана көчкү коркунучун жаратышы ыктымал экенин эскертүүдө. Быйыл жайында түрдүү жаратылыш кырсыктарынан кеминде 275 адамдын өмүрү кыйылды.