CPJ Жогорку Соттун "Клооп Медиа" боюнча чечимин айыптаган билдирүү таратты

Журналисттерди коргоо комитетинин сайты.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети Жогорку Соттун "Клооп Медиа"
фондун жоюу боюнча акыркы чечимин айыптаган билдирүүсүн 29-августтун кечинде таратты.

"Эл аралык сыйлыктарга татыган, иликтөөчү "Клооп" басылмасын күчтөп жабуу узак жылдардан бери Борбор Азиядагы эркин медианын чордону катары саналган Кыргызстандын заманбап тарыхындагы кара так",-деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид. Ал Кыргызстандын бийлигин маалымат каражаттарына карата респрессивдик багытынан баш тартып, "Клооп" жана башка медиаларга эркин иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы 16-июлда "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу боюнча акыркы чечимин кабыл алды. Ага ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун фондду ликвидациялоо тууралуу өкүмү өзгөрүүсүз калтырылды. Бул тууралуу "Клооп Медианын" юристерине бир айдан кийин гана белгилүү болгонун маалымат каражаты 29-августта жазды.

"Клооптун" негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Жогорку соттун чечими "күтүлгөндөй болгонун" айтты.

"Эч нерсеге карабай "Клооп" иштей берет. Ликвидациялоо боюнча сот жараяндары жүрүп жаткан маалды социалдык тармактарда колдонуучуларыбыздын саны өстү. Бир кыргызстандык окуса да биз ири иликтөөлөрдү, балансталган жаңылыктарды жана курч макалаларды жарыялоону уланата беребиз", - деди Тухватшин.

“Клооптун” орус тилиндеги сайты 2023-жылдын 12-сентябрынан тартып жабылган. Ага “Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды” деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал “чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп, Маданият министрлигине кайрылган.

Министрлик былтыр ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу “фейктер жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде “Клооптун” кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн.

“Клооп” соттун чечимдерине макул эмес экенин билдирип келет.

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Медианы жабуу арызы менен шаардык прокуратура сотко кайрылган.

Kloop Media порталын жабуу боюнча соттун чечимин эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сындап, бийликти “Клооптун” сайтын ачууга чакырып келет.

Kloop 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.