Газадагы согуш 40 миңден ашуун адамдын өмүрүн алганы кабарланды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Израил армиясынын Газадагы чабуулдарынан тышкары кечээтен бери Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги масштабдуу операциясы уланууда. Ондогон адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды. Израил бул операциясынын максаты террорчуларды жок кылуу экенин жарыялады. Газадагы дээрлик он бир айдан берки согуш, жергиликтүү бийлик кабарлагандай, 40 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды.