"Чек арада эки-үч саат кезекте турдум"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекетинде узун кезек болууда. Чек ара кызматы жайкы сезондон улам чек арадан өткөн жүргүнчүлөрдүн саны кескин өскөнүн билдирди. Чек ара кызматы "Достуктун" бир күндүк өткөрүү мүмкүнчүлүгү 16,5 миң кишиге ылайыкташса, учурда суткасына 18-26 миңдей киши өтүп, узун кезек түзүлуп жатканын билдирди.