Бишкекте мыйзамсыз күйүүчү май саткандар текшерилип жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы өрт кырсыгынын алдын алуу максатында Бишкек шаарында рейд жүргүзүүдө. Анын натыйжасында мыйзамсыз күйүүчү жана майлоочу май саткандар аныкталып, жалпысынан 565 литр күйүүчү май конфискацияланды. ӨКМ акыркы мезгилде "күйүүчү-майлоочу майды өрт коопсуздук эрежесин сактабай, желим бөтөлкөлөргө куюп жол жээктеринде саткандар көп кездешип жатканын" белгилеп, аларга административдик чаралар көрүлөрүн эскертти.


Кийинки күндөрү Токмокто, айланма жолдо, Маевка айылы тарапта, башка бир катар жерлерде жол бою желим идиштерге бензин куюп саткандар көбөйдү.

Казакстандан аткезчилик жол менен мунай ташылып жатканын буга чейин "Азаттыкка" сатуучулар билдиришкен. (КЕ)

Дагы караңыз

Ошто 15 жаштагы кыздын иши боюнча эки аял кармалганы кабарланды Швеция экстрадициялаган беларус жараны мекенинде кармалды Украинада орус армиясынын аба чабуулдарынан кеминде тогуз кишинин өмүрү кыйылды Newsweek: Түндүк Корея Орусияга курал-жабдык жүктөлгөн 13 миңдей деңиз контейнерин жөнөткөн