28-август: Парижде cот Дуровду күрөөгө бошотту, ТИМ "Азаттыктын" материалы боюнча комментарий берди

Павел Дуров

28-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы абактан Украинадагы согушка жөнөтүлгөн кыргыз жараны тууралуу "Азаттыктын" макаласы боюнча комментарий берди

ТИМ тараткан маалыматта Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдук С.К.К. аттуу жаран боюнча Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматына кат жөнөтүлгөнү айтылат. Екатеринбург шаарынын консулдугунун кызматкерлери 2024-жылдын 4-5-апрелинде Копейск шаарындагы №6 түзөтүү абагына да барып, аталган жаран жана башка кыргыз жарандары менен бир нече ирет жолукканы белгиленет. Дипломаттар 2023-жылы Орусиядагы 63 түзөтүү мекемесине консулдук сапар уюштуруп, Кыргызстандын соттолгон 400дөн ашык жараны менен жолугушууларды өткөргөн. "Азаттык" радиосу 28-августта Орусиядагы түрмөдө үч жылдан бери отуруп, эки ай мурун Украиндагы согушка жөнөтүлгөн Каныбек аттуу (аты өзгөртүлдү) жаран тууралуу макала жазган. Анда Каныбек "Маңзатты мыйзамсыз сатуу" боюнча беренеси менен соттолуп, Челябинск облусундагы №6 түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөгөнүн, Кыргызстанга экстрадиция кылуу боюнча өтүнүч жибергенин, бирок азыр анын тагдыры белгисиз экени баяндалган.

Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекетиндеги узун кезек тууралуу маалымат берди

Маалыматта өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатканы, жайкысын жана сезон учурунда, өзгөчө 10-августтан тартып чек арадан өткөн жүргүнчүлөр менен транспорт көбөйгөнү белгиленет. Чек ара кызматы "Достук" бекетинин бир күндүк өткөрүү мүмкүнчүлүгү 16,5 миң кишиге ылайыкташса, учурда суткасына 18-26 миңдей киши өтүп, бул узун кезекти пайда кылып жатканын билдирет. Аталган бекетте азыр паспорт көзөмөлү үчүн 33 кабина иштеп жатат. Ушул тапта кыргыз-өзбек чек арасындагы "Маданият", "Баймак" (Жалал-Абад), "Достук" (Ош), "Кызыл-Кыя", "Кадамжай", "Кайтпас", "Ак-Кыя", "Өтүкчү", "Чечме" бекеттери иштеп жатат.

Кыргызстанда эки жашка чейинки балдардын 71% гана гана эмделген

Балдардына вакцина сайдыргандардын саны 2018-жылдан бери 5% кыскарган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 27-августтагы маалыматында айтылат. Ага ылайык, 3 жашка чейинки беш баланын төртөө эмделген. Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылы 22 миң киши эмдөөдөн баш тартканын билдирген. Өткөн жылдан бери кызамык күч алып, эки жылда тогуз бала чарчап калды. Вакцинадан баш тарткандардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганы кабарланган. Эмдөөдөн баш тарткандар 2023-жыл кескин көбөйүп, 22 миң киши балдарына вакцина сайдырууну каалабай, тил кат жазып берген.

Кызыл Чырым: Батыш жээкте Израилдин операциясынын 10 палестиндин өмүрү кыйылды

Эки палестин Женин шаарында, төртөө жакынкы кыштакта жана төртөө Тубас шаарынын четиндеги качкындар лагеринде набыт болгонун уюмдун маалымат катчысы Ахмед Жибрил билдирди. Ал кошумчалагандай, 15 киши жараат алды. Газада согуш башталган былтыр октябрь айынан бери Иордан дарыясынын Батыш жээгинде израил аскерлеринин рейддеринен 640тан ашуун палестиндин өмүрү кыйылды. 28-август күнү эртең менен маалым болгондой, ЦАХАЛ Батыш жээктин түндүгүндөгү Женин жана Тулкарем шаарларында "террорчулукка каршы" операция жүргүздү. Палестиндердин "Ислам Жихады" радикал кыймылы 28-августта тараткан билдирүүсүндө Израилге каршы "ачык согуш" жарыялады. Бул топ Газаны көзөмөлдөгөн ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп саналган) уюмунун союздашы деп саналат.

Украинада орус армиясынын аба чабуулдарынан кеминде тогуз кишинин өмүрү кыйылды

"Бул таңда орус армиясы төрт кишини өлтүрүп, Измайловкадагы үйдү талкалашты", - деп жазды Телеграмга Донецк облусунун губернатору Вадим Филашкин. Ал эки адам Бахмут районундагы Часов Яр калаасында набыт болгонун айтты. Жалпы 16 турак-жай жана эки көп кабатуу имарат талкаланганын Филашкин кошумчалады. Украинанын Запорожье аймагында орус армиясынын дрон чабуулунан үч кишинин өмүрү кыйылганын облус губернатору Иван Федоров билдирди. Өлкө түштүгүндөгү Днепропетровск облусунда жайгашкан Кривой Рог шаары 28-августта дагы орус армиясынын чабуулуна дуушар болду. Аймак башчысы Сергий Лысак билдиргендей, кол салуудан үч киши жараат алды. Бир күн мурда (27-августта) орус армиясынын "Искандер" ракетасы менен мейманканага жасалган чабуулунан төрт кишинин өмүрү кыйылган.

Париж: Сот Павел Дуровду Франциядан чыкпоо шарты жана 5 млн евро күрөөгө бошотту

Парижде сот Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуровду Франциядан чыкпоо тил каты менен 28-августтун кечинде бошотту. Ошондой эле ал күрөөгө беш миллион евро коюуга жана жумасына эки жолу полицияга барып турууга милдеттендирилди. Бул тууралуу француз баш калаасынын прокуратурасы билдирди. Буга чейин белгилүү болгондой, француз бийлиги март айында эле Дуровду жана анын бир тууганы Николайды камоого ордер чыгарган. Телеграмды негиздөөгө анын бир тууганы да катышкан. "Политико" басылмасы журналисттердин колуна тийген расмий документке таянып жазганындай, Телеграмдын негиздөөчүсүнө каршы биринчи иш балдар порнографиясына каршы кылмыштарды иликтөөдө бийлик менен байланышуудан баш тартканына байланыштуу ачылган. Дуров 25-августка караган түнү Азербайжандан жеке учагы менен Парижге келгенде кармалган.

Казакстан, Тажикстан уран жана сейрек кездешүүчү металлдарды бирге өндүрүүнү макулдашты

Кызматташууну кеңейтүүгө багытталган меморандумга 22-августа Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Тажикстанга расмий сапары маалында кол коюлганын "Казатомпром" шаршембиде билдирди. "Казатомпром"- дүйнөдөгү уран өндүрүү менен иштеген ири компания. 2023-жылы анын үлүшүнө дүйнөдө өндүрүлгөн урандын 20% туура келген. "Казатомпром" өзүнө караштуу башка ишканалар менен бирдикте Казакстандын аймагында жайгашкан 26 уран кенин иштетет. "Тажик сейрек кездешүүчү металлдары" - Тажикстандагы бардык уу заттар көмүлгөн жайларды жана уран өндүрүшүн көзөмөлдөгөн мамлекеттик ишкана.

Парижде XVII жайкы Паралимпиада оюндары башталат

Париждеги ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин дзюдочу Маматибраим Суранов көтөрүп чыгат. Мелдештерге Кыргызстандан төрт спортчу катышат. Алар - дзюдочу Маматибраим Суранов, пауэрлифтинг менен алектенген Миргүл Болоталиева, триатлончу Айтунук Жоомарт кызы жана жеңил атлет Гүлназ Жүзбаева. Кыргыз спортчулары 1-сентябрдан баштап мелдештерге катышат. Паралимпиадада спорттун 22 түрүнөн 549 комплект медал ойнотулат. Мелдештер 8-сентябрда жыйынтыкталат.