Зеленский АКШга "жеңиш планын" көрсөтөт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинанын Кривой Рог шаарындагы мейманканага жасалган чабуулдан төрт киши набыт болуп, беш киши жараат алды. Шейшембиде президент Владимир Зеленский маалымат жыйын өткөрүп, анда согуштун "жеңиш планы" тууралуу сөз козгоду. Орусиянын Курск аймагындагы абал ошол пландын бир бөлүгү экени белгиленди.