Кыргызстанда жыл башынан бери 113,8 миң гектар аянтта зыянкеч чегиртке жок кылынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады. Жалпысынан 146 449 гектар аянтта изилдөө иштери жүргүзүлдү.
Мекеме жылуу аба ырайы зыяндуу чегирткелердин көбөйүшүнө жагымдуу шарт түзгөндүгүн белгилеген.
Министрликтин маалыматына ылайык Кыргызстанда чегирткенин 50дөн ашык түрү кездешет, үйүрлүү жана үйүрлүү эмес деп бөлүнөт. Зыянкеч чегирткелердин биологиясына ылайык, алардын жапырт каптоосу ар бир 8-11 жылда кайталанып турат.
Кыргызстанда 1980-жылы – 570 миң гектар, 1989-жылы – 160 миң гектар, 2008-жылы – 157 миң гектар жана 2018-жылы – 146, миң гектар жерди чегиртке каптаган. (КЕ)
Дагы караңыз
Орусиянын Ростов облусундагы мунай базага дрон менен чабуул жасалдыГрузиянын президенти шайлоону "Европа менен Орусиянын ортосундагы тандоо" деп атады Казакстан, Тажикстан уран жана сейрек кездешүүчү металлдарды бирге өндүрүүнү макулдашты “Кум-Шагылдын” жетекчилиги заводдун мамлекетке алынышы боюнча кайрылуу жолдоду