WSJ: Макрон Дуровго Телеграмдын кеңсесин Парижге көчүрүүнү сунуштаган

Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров.

Wall Street Journal басылмасы 28-августта бир катар булактарына таянып кабарлагандай, 2018-жылы Франциянын президенти Эммануэл Макрон түштөнүү маалында Павел Дуровго Телеграмдын баш кеңсесин Парижге көчүрүүнү сунуштаган. Ушул тапта ишкананын баш кеңсеси Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан.

Кийин француз бийлиги 2021-жылы Дуровго жарандыкты жөнөкөйлөштүргөн жараян менен беришкен.

Басылма жазгандай, Дуров менен Макрондун жолугушуусуна чейин, бир жыл мурда Франциянын жана Бириккен Араб Эмираттарынын атайын кызматтары биргелешкен операциянын жыйынтыгында ишкердин телефонун бузуп киришкен. Буга атайын кызматтардын "Ислам мамлекети" террордук тобу Телеграмды теракт уюштуруу жана тарапташтарын азгыруу үчүн колдонуп жатат деген кооптонуусу түрткү болгон.

Ошондой эле Дуровго жакын булактар ырастагандай, Телеграм узак жылдардан бери мыйзамсыз контентти өчүрүү боюнча француз сотторунун жана укук коргоо органдарынын чакырууларына көз жумуп келген. Дуров кармалгандан кийин Телеграм Евробиримдиктин тиешелүү мыйзамдарын сактап келгенин жазды.

Макрон Телеграмдын негиздөөчүсүнүн камалышын комментарийлеп жатып, Дуровдун ишинде саясий мүдөө жок экенин билдирди. Орусиянын бийлиги Францияны "кош стандарттуулукка" айыпташты.

Телеграм социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү, Парижде камалган ишкер Павел Дуровдун камактагы мөөнөтү 28-августта аяктайт. Мыйзамга ылайык, анын бөгөт чарасы каралып же бошотулушу керек. Дуров 25-августка караган түнү Азербайжандан жеке учагы менен келатып кармалган. Париждин прокуратурасы билдиргендей, ага каршы Телеграм платформасынын жардамы менен ишке ашкан же пландалып жаткан ыктымал кылмыштарга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Жалпысынан кеп 12 кылмыш иш тууралуу болуп жатат. Анын ичинде киберкылмыштар, арам акчаны адалдоо жана башкалар кирет.

Дагы караңыз

Орусиянын Ростов облусундагы мунай базага дрон менен чабуул жасалдыГрузиянын президенти шайлоону "Европа менен Орусиянын ортосундагы тандоо" деп атады Казакстан, Тажикстан уран жана сейрек кездешүүчү металлдарды бирге өндүрүүнү макулдашты