Грузиянын президенти шайлоону "Европа менен Орусиянын ортосундагы тандоо" деп атады

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили алдыда өтө турган парламенттик шайлоону "Европа менен Орусиянын ортосундагы тандоо" деп атады.

Зурабишвили 26-октябрга шайлоону белгилеген буйрукка кол койгондон кийин тараткан билдирүүсүндө добуш берүүчүлөр "согуш менен тынчтыктын ортосунда тандоо жасашы керектиги" белгиленген.

"Чечим чыгаруу, тандоо, мамлекетти сактап калчу күн жакындап калды", - деген Зурабишвили бул шайлоо "алдыдагы көптөгөн жылдардагы өлкө келечегин аныктай турганын" кошумчалады.

"Грузияда эч ким согушту каалабайт жана эч ким аны пландабайт. Тандоо Орусиянын кулу болуп калуу керекпи же Европа менен кызматташуу керекпи дегендин ортосунда турат", - деди Грузиянын президенти.

Жазында "Грузин кыялы" башында турган өкмөт сунуштаган талаштуу "Чет элдик агент" тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин Брюссел Евробиримдик менен Тбилисинин шаркетке интеграция болуу процессин убактылуу токтотуп койгон. Грузия Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын 2023-жылы декабрда алган.

Ал эми АКШ Грузия менен алакаларын "кайра карап чыгарын" билдирген.

Грузиянын жарандык коому бир канча жылдардан бери Орусиянын таасиринен арылуу аракетин көрүп келет. Орусия 2008-жылы Грузия менен беш күндүк согушунан кийин Түштүк Осетия менен Абхазияны көз карандысыз мамлекеттер деп таанып, ал жактарда ушул күнгө чейин миңдеген аскерлерин кармап турат.

Дагы караңыз

Казакстан, Тажикстан уран жана сейрек кездешүүчү металлдарды бирге өндүрүүнү макулдашты Мэрия такси кызматы үчүн бирдиктүү эреже киргизүүнү сунуштадыКызыл Чырым: Батыш жээкте Израилдин операциясынын 10 палестиндин өмүрү кыйылды