Казакстан, Тажикстан уран жана сейрек кездешүүчү металлдарды бирге өндүрүүнү макулдашты

Уран ташы

"Тажик сейрек кездешүүчү металлдары" жана "Казатомпром" компаниялары уран жана сейрек кездешүүчү металлдарды өндүрүү жана иштетүү боюнча кызматташуусун кеңейтүүгө багытталган меморандумга кол коюшту.

Документке 22-августа Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Тажикстанга расмий сапары маалында кол коюлганын "Казатомпром" шаршембиде билдирди.

Меморандумда эки өлқөнүн ортосунда тоо-кен тармагында стратегиялык кызматташуу каралган.

"Так жыйынтыктар тууралуу айтуу эрте болгону менен, уран тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатабыз. Андан тышкары Казакстан менен Тажикстанга олуттуу пайда алып келе турган сейрек кездешүүчү металлдарды өндүрүү жагынан кызматташуу планы бар", - деген "Казатомпромдун" жетекчиси Меиржан Юсуповдун сөзүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

"Казатомпром"- дүйнөдөгү уран өндүрүү менен иштеген ири компания. 2023-жылы анын үлүшүнө дүйнөдө өндүрүлгқн 20% туура келген. "Казатомпром" өзүнө караштуу башка ишканалар менен бирдикте Казакстандын аймагында жайгашкан 26 уран кенин иштетет.

"Тажик сейрек кездешүүчү металлдары" - Тажикстандагы бардык уу заттар көмүлгөн жайларды жана уран өндүрүшүн көзөмөлдөгөн мамлекеттик ишкана.

Дагы караңыз

Кызыл Чырым: Батыш жээкте Израилдин операциясынын 10 палестиндин өмүрү кыйылдыӨКМ жолдордо таш кулашы, аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерттиОрусиянын Ростов облусундагы мунай базага дрон менен чабуул жасалды