Мэрия такси кызматы үчүн бирдиктүү эреже киргизүүнү сунуштады

Бишкек мэриясы такси кызматы үчүн атайын бирдиктүү эреже бекитүүнү сунуштоодо. Буга байланыштуу мыйзамдын долбоорун Министрлер кабинети коомдук талкууга чыгарды. Документте Кыргызстанда учурда таксомотордук ташуулардын бирдиктүү эрежелери жок экени, бул жол кыймылынын коопсуздугуна жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына терс таасирин тийгизери белгиленген.

"Унаалардын техникалык абалына конкреттүү талаптардын жоктугу, айдоочуларды тандоо критерийлери жана айдоочунун жургүнчүлөр менен мамилесин жөнгө салуучу эрежелери жок. Бул кемчиликтер авариялардын жана жолдогу өлүмдөрдүн көбөйүшүнө алып келүүдө", - деп жазылган мыйзамдын долбоорунда.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында такси кызматын көрсөткөн 10дон ашуун менчик компания бар. Алар 10 миңден ашуун автоунаа иштетет.

Бишкек мэриясы шаарда "Яндекс.Такси" жана башка ири операторлор үстөмдүк кылып, рынокту монополия кылуу байкалып жатканын белгилеген.

"Бул тарифтердин өсүшүнө жана ири суммадагы акчалардын сыртка агышына алып келүүдө", - деп жазылган мыйзам долбоордун негиздемесинде.

Монополияны жөнгө салуу кызматы апрелде"Яндекс.Такси" компаниясын Кыргызстандын такси рыногунда үстөмдүк кылган ишкана деп тапкан. Буга чейин аталган мекеме бул компаниянын кызматынын баасын жөнгө салуу аракети көрүлүп жатканын билдирген. Коомчулукта ишкана бааны өтө эле жогорулатып жибергени тууралуу нааразылыктар айтылып келет.

“Яндекс.Такси” Кыргызстанда адамдарды ташуудан сырткары тамак-аш, азык-түлүк жеткирүү менен да алектенет. Анын баш кеңсеси Москвада жайгашкан. Кыргызстанда 2017-жылдан тартып иштей баштаган.

Мындан эки жыл мурда жергиликтүү такси айдоочулар Бишкекте акцияга чыгып, “Яндекс.Такси” кызматын рыноктон чыгарууну, тиркемесине бөгөт коюуну талап кылышкан.(КЕ)

Дагы караңыз

Кызыл Чырым: Батыш жээкте Израилдин операциясынын 10 палестиндин өмүрү кыйылдыӨКМ жолдордо таш кулашы, аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерттиОрусиянын Ростов облусундагы мунай базага дрон менен чабуул жасалдыКыргызстанда эки жашка чейинки балдардын 71% гана эмделген