Жогорудагы видеодо Украинада согушта жүргөн борбор азиялыктар бир жерде баш калкалап отурушат. Маалыматка караганда, алардын көбү буга чейин орус абактарында жаза өтөгөндөр. Аскер формасын кийип, автоматты жанына коюп отургандардын бири - биздин чакан иликтөөнүн каарманы Каныбек (аты өзгөртүлдү). Азыр анын тагдыры белгисиз. "Азаттык" Каныбектин окуясынын негизинде орус абактарында согушка азгыруу дагы деле уланып жатканын аныктады.
"Түрмөгө түшкөнүн билген эмеспиз"
Каныбек 33 жашта, кыргыз жараны. Ал 2021-жылы жайында орус абагына түшкөн. Ага коюлган кине орус жергесинде кылмышка кириптер болгон кыргызстандыктардын көбүнүкүнө окшош. Мигрант жигитке Орусиянын Кылмыш жана жаза кодексинин 228-беренеси ("Маңзат каражаттарын мыйзамсыз өндүрүү, сатуу же берүү") менен айып тагылган. Ошол убакта Каныбектин камалганын жакындары билген эмес.
"Агам ал жылы Орусияда дайынсыз жоголуп кетти. Ал досу менен бир шаардан экинчи шаарга сапарга чыккан эле. Аны издеп, аябай ызы-чуу болгонбуз. Кийин абакка түшкөнүн, ага баңгизат боюнча айып тагылганын билдик. Бирок биз агамдын күнөөлүү экенине ишенген жокпуз. Агам деле "мени баңгизат менен карматышты, айыбым жок" деп айтып жатты", - деди Каныбектин бир тууган карындашы.
Ошентип, Каныбек 2021-жылы жайында камалган. "Азаттыктын" колундагы документтерге караганда, Орусиянын Челябинск шаарындагы борбордук соттун чечими менен жети жыл алты айга эркинен ажыратылган. Соттун ошол жылдагы чечимине ылайык, Каныбек Челябинск облусундагы №6 түзөтүү мекемесине жөнөтүлгөн.
"Агамды Кыргызстанга которобуз деп аябай аракет кылдык. Ал камалган жылы эле документтерин даярдай баштаганбыз. Бир жарым жыл мурун аны экстрадициялоо боюнча толук документтер даяр болуп, Кыргызстанга жиберилген. Күнүгө анын жообун күтүп отурдук. Агам чалган сайын сурап калчу. Анын минтип согушка барарын ким билсин", - дейт Каныбектин дагы бир карындашы.
Каныбектин өтүнүчү менен аны мекенине экстрадициялоо маселеси каралары бир ай мурун билинген. Кыргызстандын Жогорку соту жарыялаган маалыматка караганда, анын иши ушул жылдын 16-июлунда каралмак.
Каныбек Орусияда такси айдачу. Үйлөнө элек. Анын согушка кеткенин жакындары эки ай мурун билишкен экен.
"Мени менен сүйлөшкөндө барба деп айткам. Мен анын өз каалоосу менен кеткенине да ишенгим келбейт. Укпай кетип калыптыр. Согуштагы видеолорун көргөндө, алгач тааныбадык. Жүзү карайып, мурункудай эмес. Абакта, анан согушта жүргөнү баары бир таасирин тийгизди да. Азыр деле бизге эмне үчүн кеткени бүдөмүк. Кыргызстанга которулат, биз менен болот деп ойлогонбуз", - дейт анын карындашы.
"Өлүү-тирүүсүн билбейбиз"
Бул Каныбектин карындаштарынын колуна тийген акыркы сүрөт. Белгилүү себептерден улам биз сүрөттөгү адамдардын жүзүн ачык көрсөтө албайбыз. Жогорудагы сүрөттөн Каныбек менен кошо кеминде бир нече кыргыз жигитин жана ондогон борбор азиялыкты таанууга болот. Ушул тапта Челябинскиде жазасын өтөп жаткан дагы бир кыргызстандык сүрөттөн аны менен кошо түрмөдө отурган бир нече кыргыз жаранын тааныганын "Азаттыкка" айтты.
Сүрөттү Каныбек менен согушта чогуу жүргөн өзбекстандык жигит жиберген. "Азаттык" байланышкан учурда ал согушта ок тийип, госпиталда жатканын кабарлады:
"Биз [Каныбек] экөөбүз согушта чогуу болдук. Видеону мен тарткам. Экөөбүз Луганскиде жүргөндө ага ок тийип, ошол жерде каза болду. Анын сөөгү ошол жакта калды. Мен жарадар болуп, госпиталга түштүм. Мен деле түрмөдөн бул жакка келгем. Баарыбыз эркиндикти самаганбыз. Барар жерибиз да бир экен. Биз келишим түзүп атканда жакындарыбыздын телефондорун жазып калышкан. Алар өзүлөрү кабар беришет. Согуш талаасына туугандары барса болбойт. Анын аскердеги аты "Кама" деп коюшчу. Ал эмнеге макул болгонун билбейм. Мен болсом дагы беш жыл абакта отургум келген жок. Эркиндикке чыккым келди", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Каныбек - үч бир туугандын улуусу. Эки карындашы бар. Бири азыр Бишкекте, экинчиси Москвада көрүнгөн эшикти каккылап, агасынын дайынын издеп жүрүшөт. Бир нече күн мурун Каныбектин туугандары суук кабарды укканы менен ага ишене албай турушат.
"Расмий маалымат чыга элек болгондуктан ишенгиң келбейт экен. Бизге бул тууралуу аны менен согушта чогуу жүргөн бала кабарлады. Бирок ал так маалымат бербей жатат. Мен азыр Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине кайрылсам, алар жардам бере албайбыз дешти. Орусиянын Коргоо министрлигинде маалымат бар деп айтышкан. Бирок алардан эч нерсе ала албай жатам. Алар мени такыр киргизбей коюшту. Силерге окшогондор көп келет деп, кетирип ийишти. Абактагы балдар менен сүйлөшсөк, алар согушка кеткенин гана айтышты. Согушта каза болгондор тууралуу маалымат жазылган тайпаларга кирип, издеп жатабыз. Ыкчам байланыш номерлерине да чалып, маалымат ала албай койдум. Мен аны менен акыркы жолу сүйлөшкөндө келишимге кол коюп жатканын айткан. Ал ошондо менин сөзүмдү такыр уккан жок. Бирок мен анын өз каалоосу менен кеткенине ишенгим келбейт. Ал азыр тирүү, баары жакшы деп үмүт кылам".
Каныбек тууралуу азырынча расмий маалымат жок. Жогорудагы өзбекстандык жигит айткан кабар бышыкталып же төгүндөлгөн эмес. "Азаттык" анын туугандары менен байланышып, маалыматты тактап жатат. Бирок бул окуя орус абактарында дагы деле согушка азгыруу жүрүп жатканын ачык көртөтөт.
"Челябинск абагы - согуштун тузагы"
"Азаттык" абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан башка бир кыргызстандык жигиттин эжеси Жаркынай менен байланышты. Анын инисин туугандары согуш тузагынан араң куткарып калышкан.
"Иним эки ай мурун бизге чалып, согушка барарын айтты. Менин түшүнгөнүмө караганда, ал отурган абакка Коргоо министрлигинин кишилери эки ай мурун келген экен. Иним алардын окоп казасыңар, согуш талаасына барбай эле машине айдап же кара жумушка тартыласыңар дешкенин айтып берди. Ал ошондон улам макул болоюн деп чечкен экен. Бизге тезирээк эркиндикке чыгам, айылга, балдарыма келем деп айтып жатты. Өзү каалаган убакта гана чалып, байланышка чыгат. Ошондуктан кетип калдыбы деп жүрөкзаада болуп жүрдүк. Акыры эки баласын эсине салып, үйгө келүүгө көндүрүүгө аракет кылдык. Ошол күндөн бери тынчтык жок. Үч күн мурун чалып, согушка барбайм деген жообун укканда гана тынчып отуруп калдык".
Сөз болуп жаткан түзөтүү мекемеси Челябинск облусунун Копейск шаарында жайгашкан. Колониянын маалыматына караганда, азыр анда 1573 адам жаза мөөнөтүн өтөйт. Басымдуу бөлүгү - орто, оор кылмыш иштери жана маңзат сатуу үчүн соттолгондор. Ал жерде канча кыргызстандык бардыгы так белгисиз.
Жаркынайдын иниси калайман мушташка катышканы үчүн соттолуп, үч жылдан бери аталган абакта отурат. Ал соңку айлары түрмөдөн согушка кеткендер көп болгонун айткан экен.
"Ал колонияда мусулмандар - өзбек, кыргыз, тажиктер көп деген. Согушка барууга көнгөндөр да болуптур. Көп адам кетти деди. Менин түшүнгөнүмө караганда, мигранттар ошол колонияда көп экен. Аларды "эркиндикке чыгасыңар" деп алдашат экен. Көп жылга кесилгендер макул болгонун айтты. Согуштан тирүү келбестиги түшүнүктүү да".
Дагы караңыз "Тирүү кайтпасымды билем". Украинадагы согушка тартылган мигранттарӨз коопсуздугунан чочулап атын атабаган бул аял Орусиянын абактарында кыргыз жарандарына котормочу болуп иштейт. Ал жогорудагы Каныбектин окуясын да уккан. Котормочу Челябинск абагындагы абалды жакшы билет.
"Азыр Челябинск шаарында №6 жана №1 түзөтүү мекемелери согушка азгырган тузакка айланды. Мендеги маалыматка караганда, ушул эле абактардан жети кыргызстандык азыркы кезде кан тапшырып, согушка жөнөп жатышат. Алар менен улам байланышып турабыз. Бул жерде дагы бир маселе бар. Алардын көбү Кыргызстанга экстрадиция болууну каалайт. Бирок бул абдан узакка созулган процесс. Мисалы, Каныбекти согуш тузагына салып бербей алып калса болот эле. Бирок анын документин кыргыз өкмөтү көпкө чейин кармап отурду. Акыркы айларда мага ушул абактан жакындары согушка кеткендер көп кайрылып жатат. Бирок мен аларга Коргоо министрлиги менен келишим түзүү Вагнердикинен [Вагнtрдин менчик аскер компаниясы] да жаман деп айтам. Согушка кеткендер тирүү кайтышы күмөн".
Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстандын 1418 жараны чет мамлекеттерде сот жообуна тартылып, жазасын өтөөдө. Алардын ичинен 1167 адам Орусияда, 83ү Казакстанда. Иракта 41, Түркияда 30, Өзбекстанда 22 киши абакта жатат. Былтыр 100дөн ашуун кыргызстандык орус абактарынан мекенине которулган.
Абактагыларды согушка азгырган учурлар балдары түрмөдө отурган ата-энелердин тайпаларында соңку маалда кызуу талкууланып жатат. Вотсаптагы андай үч тайпада жалпы 400гө жакын катталуучу бар.
Тайпадагы ата-энелер кеминде беш-алты жигит согушка кетүүгө макулдугун бергенин жазышкан. Согушка азгыруу Челябинскидегиден башка абактарда да жүрүп жатканы маалым. Тайпанын администратору буларды айтып берди:
"Канча бала кеткени азыр бизге деле белгисиз. Акыркы айларда ата-энелер чырылдап, балдары тууралуу жаза башташты. Балдар ачык айтпай жатышат. Кээ бири эч нерсе дебей эле кетип калат экен. Бизге түшкөн маалыматтарга караганда, балдарды кыйнашат, жалгыз изоляторго киргизип же айып пул салып, акча талап кылышат экен. Аларды согушка барууга ар кандай жолдор менен мажбурлашат. Согушка азгыруу аракеттери жакынкы айларда кайра күчөдү. Мигранттарды согушка жиберүү чакырыктары менен байланыштуу болду окшойт. Келишимге эркектер эле эмес, аялдар да кол коюп жатат. Азыр дагы бир нече бала жөнөп жатканын уктук. Алар эми күзүндө барат экен. Бая күнү Тышкы иштер министрлигин ортого салып жатып, бир баланы алып калдык. Красноярскиде 20га жакын адам согушка кеткенин уктук. Арасында кыргыздар, өзбектер да бар экен. Ата-энелердин баары азыр санааркап жатат".
"Вагнерчилердин" башчысы Евгений Пригожиндин былтыркы табышмактуу өлүмүнөн кийин Орусиянын Коргоо министрлиги, кийин "Редут" деп аталган жеке менчик компания мигранттарды, абактагыларды Украинадагы согушка салып жатканы маалым болгон. Согушка баргандарга орус паспорту, жакшы акча убада кылган жарнама баракчалар ар бир үйлөргө чейин таратыларын "Азаттык" менен сүйлөшкөн мигранттар айтып беришкен. Согушка чакыруу мигрант кыз-келиндерге келген мисалдар бар.
2024-жылы январда Би-Би-Синин орус кызматы Орусиянын Коргоо министрлиги 2023-жылы жайында фронтко абактагыларды тартуу схемасын өзгөрткөнүн жазды. Согуш башталган 2022-жылы аларды "Вагнерге", кийин "Шторм Z" роталарына ыктыярчы катары алып кетишчү. Алты ай согушкандан кийин ырайым берип, мурдагы соттуулугун жоюп, "таза" кылып эркиндикке коё беришчү. Ал эми азыр согушка алынган абактагылар "мөөнөтүнөн мурда, шарттуу түрдө" эркиндикке чыгып, катардагы аскерлер сыяктуу келишим түзүүгө милдеттүү. Ага кол койгондор фронтто катуу жарадар болгон учурда гана үйлөрүнө кете алышат. Себеби келишимдин шарты боюнча алар аскердик милдетин согуштун аягына чейин өтөөгө милдеттүү.