Орусиянын эң ири мунай заводдорунун биринде өрт чыкты

Омск шаары. Архивдик сүрөт.

Орусиялык бир нече Telegram канал 26-августта Омск шаарында жайгашкан эң ири орусиялык мунай иштетүүчү заводдо катуу жарылуу болуп, өрт чыкканын кабарлашты. Канал 112 жана Baza кабарлагандай, "Газпромнефть-ОНПЗ" заводундагы жарылуудан кийин өрт каптаган аянт 1000 чарчы чакырымга жеткен.

Ишкананын жетекчилиги кырдаал көзөмөлдө экенин, заводдун иши үзгүлтүккө учурабаганын, "технологиялык жабдык күйгөнүн" билдирди.

Омск облусунун губернатору жети киши жараат алганын, кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын, кырсыктын себептери иликтенип жатканын айтты.

"Газпромнефть-ОНПЗ" ишканасы жылына 22 миллион тонна мунайды иштетет.

Быйыл жыл башынан бери Орусиянын европалык бөлүгүндө бир топ мунай заводу украин учкучсуз учактарынын чабуулуна кабылып, айрымдары жарактан чыкты. Омск аймагынан Украинага чейинки аралык 2 миң чакырымды түзөт.

Бүгүнкү окуяга эмне себеп болгону азырынча так айтыла элек. (RK)

Дагы караңыз

"Аба жетпей калды деп суранган". Милиция кармаган жарандын өлүмү иликтенүүдөШольц Германия мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүн күчөтөрүн айттыСот Матраимовдун бир туугандарына 50 миӊ сомдон айып пул салды Кечки Азаттык (3-чыгарылыш)